www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго чейин көтөрөбүз, деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

«Эгер андай кылбасак, биз энергетика тармагын биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Анткени бизде өндүрүлгөн электр энергиянын баасы 21 тыйындан, энергетиктердин эмгек акысына, эскирген трансформаторлорду, зымдарды, мамыларды алмаштырууга кошулуп, 1 кВт саат электр энергиясынын баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт», - деп түшүндүрдү Жапаров.

Ал Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбагандыгына токтолуп, бул арада калктын саны дээрлик бир жарым эсеге өскөнүн, курулуштар дагы көбөйгөндүгүн жүйө келтирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости