www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын премьер-министри Риши Сунак коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Sky News кабарлады.

Риши Сунактын басма сөз кызматы Улуу Британиянын премьер-министри Ланкаширдин экономикасына инвестициянын көбөйгөнүн жарыялаган видеону социалдык тармактарга жарыялаган.

Полиция Британиянын министрлер кабинетинин башчысы коопсуздук курун тагынбаганына көңүл бурду.

Полициянын билдирүүсүндө: "Социалдык медиада тараган видеодо Ланкаширде бара жаткан унаада жүргүнчү катары коопсуздук курун тагынбаганын көрүүгө болот. Маселени иликтегенден кийин, 42 жаштагы лондондук кишиге айып пул салынган".  Риши Сунактын аты полициянын билдирүүсүндө айтылган эмес.

"Премьер-министр бул анын катасы болгонун толугу менен мойнуна алып, кечирим сурады. Ал белгиленген жазаны сөзсүз аткарат", - деп түшүндүрдү Сунактын басма сөз катчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости