www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сумерки" тасмасы менен жылдызы жанган британиялык актёр Роберт Паттинсон салттуу аялдардын кийимин кийип коомчулуктун көңүлүн бурду. Ал Париждеги мода жумалыгынын алкагында өткөн Dior мода көргөзмөсүнө юбка кийип келген. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык. 36 жаштагы актёр мода көргөзмөсүнө жүндүү күрмө, ачык күрөң түстөгү жемпир жана кочкул көк түстөгү орто узундуктагы твид юбка менен келген. Паттинсон бул образын кара түстөгү бийик өтүк менен толуктаган.

Белгилей кетсек, өткөн жайда юбка эркектер арасында популярдуулукка ээ болгону кабарланган. Мисалы, Met Gala Costume Institute балынын кызыл килеминде Голливуд актёру Оскар Исаак, НБАнын баскетболчусу Рассел Уэстбрук жана Blink-182 барабанчысы Травис Баркер юбка кийип чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости