www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоону бузгандардын ана башы Дамира Ниязалиева шайлоо учурунда басып алган байлыктарын чачып, мыйзамсыздыкка барган. Дамира Ниязалиева мынча байлыкты кайдан тапкан? 2007-жылы парламентке шайлоо болот. СДПК партиясы менен келаткан карапайым “аптекарша” Дамира Ниязалиева капыстан СДПК менен бирге парламентке келет. Бул жерде аны алдыңкы орунга койгон Атамбаевдин ролун баса белгилеп кетиш керек. “Аптекарша” Дамира Ниязалиеванын өнөрү депутат болгондон башталды. Ал Атамбаевге таянып алып көптөгөн дарыканаларды менчиктештирүүгө барган. 2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келип, “аптекарша” Дамира Ниязалиеванын чокусуна күн чыккан. Кечээки “аптекарша” Дамира Ниязалиева Атамбаевдин колдоосу менен Саламаттыкты сактоо министрине жетип, эң биринчи орунга “аптекаларды” рейдерлик жолу менен басып алып, андан тышкары үнү чыгып, кол алдындагыларга айкырып-кыйкыра баштаган. Ошентип ал “аптекалар” тармагын өзүнө менчиктештирип алууга жетишкен. Министрликтен  Атамбаев аны вице-премьерге чейин көтөрмөлөгөн. Бирок “аптекарша” Дамира Ниязалиева Атамбаевдин ишеничин аткарган жок, Сооронбай Жээнбеков президенттикке келген соң Атамбаевге каршы пикирлерин билдире баштаган.

Коронавирустан улам пайда тапкандар да болду,  зыян тарткандар көп. 2020 жылы удургуп кирип келген коронавирус дарты дүйнө элинин көпчүлүгүнүн жүрөгүнүн үшүн алганы менен ушул дарттан улам байлыкка туйтунушкан адамдар деле чыкпай койгон жок. Элдин кайгысынан бизнес жасаган дарыбарондор Дамира Ниязалиева, Космосбек Чолпонбаев сыяктуулар дарыларын көкөлөтүп алышып, өздүк байлыктарын көп эсе көбөйтүп алышты. Кээ бир атка минерлер гумжардамдан “дүңүнөн” сугунушуп, аларды кайра дүкөндөрдөн алып чыгып саттырып оңбогондой пайда көрүштү. Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Бишкекке келген гумжардам боюнча унчукпай жүрөт. Карантиндин пайдасын айыл өкмөттөрү да табышты. Алсак Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт мырза кол алдындагыларга айлык деп 113 528 сомдон бөлүп, коронавируска гуманитардык жардамга келген 4 000 000 сомду сугунуп койгон. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Воронцовка, Бир-Булак, Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Заречный жана башка айылдардын жети миңге чукул адамы карантин учурунда «жел соруп» күн көрүштү. Ал эми Бир-Булактык Бакыт мырза демөөрчүлөр карантинге карата берген азык-түлүктөн берилген гуманитардык жардамдарды жакындарына, тааныштарын берип 4 000 000 сомдун изин жашырган. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн эли билип калып, коопсуздук кызматкерлерине билдиришкен. Прокуратуранын кызматкерлери өз учурунда бул кылмыш ишин тергеп, 4 миллион сомду ордуна коюуга милдеттендирген. Бул акча каражатын төлөөргө келгенде айыл өкмөтү Бакыт мырза жер жутуп кеткен сыяктуу жок. Эмне карантинге келген миллиондорду ичип-жеп алып качып кетсе боло береби? Карантинде «жел ооп» турган кары-картаңдардын, жетим-жесирдин убалы кимге?

“Аптекарша” Дамира Ниязалиева 2021-жылы Кочкор шайлоо округунан депутаттыкка койгон. Бирок анын байлыгына карабай кочкорлуктар колдогон эмес. Эми 2023-жылы Бишкек шаарынын Ленин округунан талапкердигин коюп өзүнүн алдым-жуттумдугун көрсөттү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости