www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев- «саясий карышкыр», убагында ал азыркы бийлик башындагыларды оромпой тептирип койчу. Ошол үчүн андан чоочушуп, алысыраак Германияга айдашты. Ал жактан эми Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарындагы резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Финляндиядагы «посолуна» айланды.Текебаев ошол жерде жөн жүрмөк беле Батыштан акча сугунуп, бийликтин атынан АКШ, Украинаны мактап койот. Бул жерде бийликтин сөлөкөтү көрүнөбү, белгисиз. Орусиянын президенти Путин Ленинграддын мэри Анатолий Собчактын чемоданын көтөрүп жүргөндө Текебаев Акаевге каршы сөз айтымыш болуп дүнүйөнү жыйнап жаткан. Ал Кытайга Үзөңгү-Куушту бербейбиз деп бакырып чыккан. Аскар Акаевич «доссекретарь» Мисир Ашыркуловду бурап, ал ортого түшүп Текебаевдин тилин тапкан. Бишкектин Исанов көчөсүндөгү кооз, бийик имараттар үчүн Текебаев  Үзөңгү-Куушту бербейбиз деп бакырып чыккандарды сатып, Акаевге кошулуп парламентте кворум топтоп берген.

Акаевден жең учунан алчуларды алып тактынын «мураскору» болуп калган. Бирок «мураскор» Текебаевге жеткизбей эле март революциясы башталып кетип, Текебаев ай талаада калды. Ошол үчүн Текебаев ал кездеги жаңы бийликке каршы чыкты. Ал спикерликти алып, Акаевке барып президенттен кеткени тууралуу жаздырып келген. Жатып алып бийликке келген Бакиевке каршы чыгып, акыры сөөмөйүн көрсөтүп жатып спикерликтен айдалган. Ошол бойдон өңгөчүн тартып бийликке оппозицияда болуп, акыры 2010-жылы Убактылуу Өкмөт менен бийликке келди. Бул жерде Атамбаев деген ажыдаар менен бетме-бет чыгып акчасы чөнтөккө батпай жаткан Атамбаевден жеңилет. Ошндон баштап акчанын артынан ого бетер түшүп Убактылуу Өкмөтчүлөр менен Банктарды талоонго алган. Бул жерден өзү гана эмес «Ата-Мекенчилер» пайдасын көрүштү.

«Кан досу» Атамбаев менен мародерчулук үчүн  тытыша кеткен.  Райкан төлөгөнов, Мадылбеков деген «Ата-Мекенчилер» таламандын тал түшүндө мародерчулук кылгандары белгилүү. Муну ошол кездеги өкмөт башчысы  Өмүрбек Бабанов, ИИМ министри Зарылбек Рысалиев чукуп чыгышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости