www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы кышка даярдык кандай экенин билдирди

Борбор калаанын мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүр өз убагында даярдалганын эске салат.

Бүгүнкү күндө Биринчи май районунда Шабыркүл маркасындагы катуу отун сатуучу төрт пункт төмөнкү даректер боюнча жайгаштырылды: Барпы Алыкулов көч. 1Д/1, Достоевский көч.1, телефон: 0508 288 881.

«Кара-Жыра» көмүрү Мурманская 45/2, Путпроводная жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде, телефон: +996 (555) 439 195.

Октябрь районунда Достоевский көчөсү 97к дарегинде көмүр сатуу пункту жайгашкан, көмүр базасында 2300 тонна көмүр бар.

Свердлов районунда Достоевский көч.1 дарегинде 1300 тонна Шабыркул көмүрү бар.

Ленин району боюнча көмүр базалары төмөнкү даректерде иштейт: Мурманская көчөсү 126 дарегинде "Миң-Куш" көмүрү, Мурманская 45/2 (мурдагы Торг-Синтез ЖЧК) «Кара-Жыра» көмүрү.

Белгилей кетсек, көмүрдүн тоннасы 6 миң сомдон сатылууда.

"Урматтуу шаар тургундары! Кезектерди жаратпоо үчүн алдын ала көмүр сатып алыңыздар. Суук аба ырайын күтпөңүздө!", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости