www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр Дайыр Кенекеев эмес, өкмөттү башкарган андан чоң кызматтагы адамдарды СИЗОго тыгышып, кустуруп жатышат. Дайыр Кенекеев вице-премьер, Таласка губернатор, «Учкунга» жетекчи болуп жүргөндө жөн жүрбөй мамлекетке бир топ зыяндарды алып келиптир. Дээрлик төрт жылга чукул "Учкун" мамлекеттик ишканасын жетектеген Дайыр Кенекеев аталган кызматта турганда, жакшы эле тайраңдап, мамлекеттин казынасына ири өлчөмдө чыгым алып келген каржылык мыйзам бузууларга жол бериптир.  Бул жерге Каныбек Иманалиев, Рыскелди Момбеков да жетекчи болгон.

Бул тууралуу Эсептөө палатасынын 2023-жылдын иш планына ылайык 2020-2022-жылдар аралыгына карата “Учкун” Ачык акционердик коомунун ишине шайкештик аудит жүргүзгөн отчётунда айтылат. Аудиттин жүрүшүндө, жалпысынан 2809,4 миң сом каржы бузуулар аныкталган. Натыйжада, эмгек акы, командировкалык чыгымдарга байланышкан мыйзам бузуулар - 1551,2 миң сомду түзсө, бош кызмат орундарын айкалыштыруу менен иштеген кызматкерлердин маянасына үстөк акы 1322,9 миң сом, ошондой эле 228,3 миң сомду Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүү негизсиз белгиленген. Башкача айтканда, 2020-жылы 305,3 миң сом суммасында эмгек акы жана 52,7 миң сом суммасында Социалдык фондуна чегерүүлөр, 2021-жылы 534,3 миң сом суммасында жана 92,2 миң сом суммасында Социалдык фондго чегерүүлөр, 2022-жылы 483,3 миң сом суммасында жана Социалдык фондуна чегерүүлөр 83,4 миң сом суммасын түзгөн.

Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктөрдү эсептен чыгаруу 1 миллион сомдон ашкан. Атап айтканда: – товардык-материалдык баалуулуктар жалпы 238,5 миң сом, анын ичинен 2020-жылы - 129,6 миң сом, 2021-жылы - 108,9 миң сом; – автоунааларды оңдоо жана техникалык тейлөө чыгымдары жалпы 768,6 миң сом суммасында, анын ичинен 2020-жылы - 267,1 миң сом, 2021-жылы - 333,1 миң сом, 2022-жылы - 168,4 миң сом сарпталган. Мындан сырткары, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун тартибин башка бузуулары - 251,1 миң сом, өкүлчүлүк чыгымдары жалпы 230,9 миң сом болгон. Кыскасы, миллиондогон каржылык мыйзам бузуулар, мамлекетке келтирилген чыгымдар Дайыр Кенекеев "Учкун" ишканасын жетектеп турган учурда болгон. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекетке келтирилген ар бир зыяндын орду толтурулуп, күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышат деген убадасы бар эле. Эми Дайыр Кенекеев Эсеп палатасы эсептеп чыккан чыгымдарлы төлөп, тиешелүү жазасын алабы, же куйту неме суудан кургак чыгабы? Мыйзам иштесе, акыйкаттык болсо жооп берүүгө тийиш...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости