www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 37

Шабданды хан деп койсо ич өтүп кеткендер бар. Ал мезгилде даражасы ханга тете болгон. “Жашоонун өзүндө тирешер күч, кажырлуу кайрат бар болот окшойт. Төө уйгак да бүткүл айбаты менен коргонуп, өлсө да багынып бербегенин кара” –деп  Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш кызы гүлдү үзүп жатканда жумшаган аракетин ойлоду. Чыйыр жол жаңы айдалган кара топурактуу шүдүгөрдү кесип өтөт. Атчандар топурагы борпоң чыйыр жол менен баратышты. Айдоо жер Орусиядан көчүп келген келгин орустуку эле, айдоо аянтынын бул четинен тигил четине көз жетпейт,жолдун өйүз –бүйүзүнөн да, алдыдагы адыр жактан да көзгө эч нерсе илинбейт, тек гана текши каңтарылып, алигиче тырмоо тийбеген кара сур шүдүгөр жатат. Жер жакшы айдалгандыктан,чөбү мас болгон орустун сакалындай туш- тарабынан чыкканы менен, теребел тегиз капкара.

Дыйкан болуш муну көрүп: ”Адам дегениң ырайымсыз, бүлүндүргүч жан болот белем. Өз жанын сакташ үчүн албан-албан жандыкты, болгон –бүткөн өсүмдүктү курутуп тынат” –деди ичинен, ушуну ойлоп, кыбыр эткен жан калды бекен деп, тунжураган капкара талаага эрксиз көз чаптырды. Бет алдында, жолдун оң жак өйүзүндө бир түп бадал карайат. Чыйыр жол менен кетип бара жатышкан Дыйкан болуш ал бадалга да жетти, көрсө, бадал дегени, эми эле кызы Сейил гүлүн бөөдөдөн –бөөдө үзүп таштаган жанагыдай уйгак болуп чыкты. Бул уйгактын үч бутагы бар экен. Бири түбүнөн үзүлүп түшүптүр да, дүмүрү чорт кыйылып, чолтоюп калыптыр. Калган эки бутагында бир-бирден гүл бар экен. Ал гүлдөр бир кезде кыпкызыл болупжайнап турса, эми ырааңы качып карайып калыптыр. Бир сабагы бел ортосунан сынып, учундагы гүлү баткакка булгана салаңдап турса, экинчи гүлү баткакка канчалык батса да, дале моюн бербей серейип турат. Уйгакты аттын туягы балчайта басып кетсе керек, ошентсе да жаны бекем неме жыгылып калбай, кыйшая  башын көтөрүп турган экен. Кудум этинен эт кесип алып, ичеги –кардын аңтарып таштап, эки колун жулуп, эки көзүн оюп салган сымалданат. Ошондо да ал жашоосун улантып,тегерегиндеги өсүмдүк аттуу уруктуугандарын кайсаган адамга багынбаптыр.  Дыйкан болуш: “Эмне деген кайрат, эмне деген кубат! Адам баласы барын жеңип, миң –миллион чөптү мойсоп салса да, мунун дале моюн сунбай чыдап турганын кара”. –деп ойлойт.

Шабдандын үйүндө эки - үч күн конок каадасын көрүп Дыйкан болуш үйүн көздөй кайтты. Улуу тоонун күнү жаркырап тийип турду. Чүйдүн жайлоосунан Дыйкан болуш жакага түштү. Жаканын чымыны учуп, чиркейи уюлгуду, көөгөнү дыңылдады. Дыйкан болуш жигиттери менен кайтып баратканда, алар эмне үчүн камыр кошулган бешбармак жебей, аппак шейшеп салынбай жатканына кейип -кепчип баратышат. Ошондо, Дыйкан болуш түшүндүрөт, «Бирөөнүн тоогун жесең, тоок байла» дегендей, Шабдан манап бизге конокко келсе, аларга окшоп ак буудайдын тегирменден чыккан унунан жууруп, чачтай ичке кесилген кесмелеп эт тартып, ак шейшептүү жууркан жаба албайбыз. Эми Шабдан үйгө келсе камырсыз эт тартып, ак шейшепсиз жууркан жаба берсек болот. Ун менен шейшепти сатып алса деле болот дечи, бирок камырды ипичке кылып кесе алабызбы? «Коногум, өзүңдүн конок үйүңдү ойлоп отур» - деген ушул деген экен дептир Дыйкан болуш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg    

Последние новости