www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Панфилов райондук прокуратурасы тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин арыздарынын негизинде Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунда текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүүдө, 2022-жылдын 9 айында белгисиз адамдар электрондук рецепт маалымат тутумун пайдаланып, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында Панфилов районунун жалпы дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин тутумга кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуп, жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сомдук 3657 электрондук рецепттер, анын ичинде каза болгон 66 каза болгон адамдардын наамына жазылып калгандыгы аныкталган.

Ошондой эле, калкты жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыздоо программасын ишке ашырууга катышкан дарыканалардан 3657 электрондук рецепт боюнча дары дармектер мыйзамсыз берилип кеткен.

Жүргүзүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду тарабынан жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сом өлчөмүндөгү акча каражаты фармацевтикалык компанияларга которулуп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости