www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарыхка үңүлө карап көрөлү. VII- VII кылымдарда ислам халифаты Борбор Азияны, Жакынкы Чыгышты, Алдыңкы Азияны, Индия менен Кавказдын тең бөлүктөрүн каратып алышкан. Албетте, Борбор Азияда жашашкан кыргыздар ошол мезгилдеги карлук, түргөш сыяктуу ислам динин тута башташкан. Ал эми сибирлик кыргыздар көкө теңирдин тааныган боюнча жүрө беришип, 1500-жылдары Эне-Сайдан ооп келишкен соң аларды бийлеп турган Тагай бий ислам динине кирип, Мухаммед-кыргыз деген наам алган соң мусулман болушкан. Ошентип кыргыздар ислам динине киргенде экиге бөлүнүп калган. Бул жерде түштүк жана түндүк деп бөлүнбөйт. Түштүктөгү оң, солго кирген адигине, чоң багыш, мундуз, дөөлөс, азык, саруу жана башка уруулар Эне-Сайдан көчүп келишкен, ал эми ичкилик уруулар теңиртоолук болсо керек. Эне-Сайдан көчүп келишкен сибирлик кыргыздар теңиртоолук кыргыздарга караганда миң жылдай ислам динине кеч киргенинин себеби ушунда.
Тарыхий иликтөөлөргө караганда араб калыйфатынын Борбор Азияга жортуулдарынан баштап, кыргыздар ислам динине кирген. Борбор Азиядагы башка элдерге өзбек, тажик, түркмөн, уйгурларга караганда кыргыздар толугу менен Тагай бийден соң кечирээк кабыл алган. «Манас» сыяктуу улуу эпосто жана башка кенже эпостордо, санжыра, улама, жомоктордо ислам дининин элементтери бар. Бай-манаптар менен кошо дамбылда, имам, молдо, эшен, ажы, казы,калпаларды, алардын шарият, марипат, тарикат, хакикаттарын көп чыгармаларда учуратабыз.
Сибирлик кыргыздар отко, сууга, ташка, күнгө, табияттын табышмактуу күчтөрүнө табынып, жер суу тайып, үй аластап, кеселди чарк урган тотемдик түшүнүктөр мурдараак жаралган оозеки чыгармаларда кездешет. Он миң жыл мурда кыргыз уурулары, алардын турган жери, каада-салттары жазылган кытайлардын жазмаларына жана өзүбүздүн «Кожожаш», «Төштүк» сыяктуу байыркы дастандарга, көөнө баяндарга таянсак, сибирлик кыргыздар Көкө теңирге сыйынганы ырасталат.
Кызыр колдогон сибирлик кыргыздар суу башындагы, шаркыраган өзөндөрдүн мекенине эмнеге көчүп келишкен? Суу башатын издеген сибирлик кыргыздар Кызыр мүрөк сууну чөлдөрдөн, түздөрдөн, саздардан таппай акыры уулу тоодон тапканын кара. Ал эми чынына келсек, кырк миң булактар, отуз миң өзөндөр оргуган тоолордун кат-кабатында жашаган кыргыздар сибирлик кыргыздарды эсепке албаганда VII- VII кылымдарда арабдар менен удаа эле ислам динин кабыл алышкан.
Исламдын кириши – бир кудайга сыйынтып, ууру кылбоого, ушак сүйлөөбөгө, кесир чайкабоого, ичкилик ичпөөгө, арам тамак жебөөгө, зулумдук кылбоого үндөп, кайрымдуулукка, ыймандуулукка, боорукердикке, ынтымакка, чакырат. Отуз күн орозо тутуп, беш ирет намаз окууга, даарат сындырып чайынууга, жуунууга, дене тарбияга, дарымдоого үйрөттү. 1500 жылдан бери кыйла мезгил эл ушул эреже-жоболор менен жашап келатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg