www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүктүн соргоктугу

Тенгиз Бөлтүрүк үчүн түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук компаниясы жоюлуп жатат. Бул иштер Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин ишке ашууда. Компанияны жоюш үчүн бюджеттен 700 миллион сарпталууда. Ал эми түзүш үчүн бюджеттен 3 миллиард 900 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн болчу. Мамлекеттин акчасы эч пайдасы жок эле талаага сапырылып кетти. 

Бул Бөлтүрүк мамлекеттин акчасын оңду-солду чачып, каалаганын жасаган тура. Италиядан жүздөгөн миллион сомго мебель алдырып, мамлекеттик "Учкун" ишканасынын имаратына 20 миң доллар ижара төлөп отурбайм деп, айына 6 эсе көп 120 миң долларга ижарага башка имаратка көчүп, мамлекеттин
каражатын өз чөнтөгүндөй пайдаланган. Бул бир чети. 

Өзүм билемдиги ашынган сук неме, кыска убакыттын ичинде мыйзамга каршы оңбогондой махинацияларды жасаганын угуп, оозубуз ачылды. Бир мисалга токтолуп өтсөк эле түшүнүктүү болот. 

Бул эргул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жакын досунун уулу Евгений Панасюкту стратегиялык кеңешчи кылып ишке алып, айына 2 миллион сом айлык төлөчү экен! Андан тышкары кошумча келишим боюнча Панасюк 11 миллион сом өлчөмүндө ойго келбеген бонустарды алган! Эмненин негизинде жана кандай эмгеги үчүн берилгенин эч ким билбейт. Кыскасы, тааныштарына миллиондогон акчаларды жыртыштай эле чачыптыр. 

Андыктан, сукту ырас эле камашыптыр. Болбосо бул соргокту тойгузуш мүмкүн эместей. Кыргызстанды деле сатып кетмек окшойт. Центерранын камакта турган 260 миллион долларын камактан чыгарып берип койгону эле эмне деген чыккынчылык болгон? Кыргызга жакшылыгы жок ниет, пейили ириңдеп кеткен шүмшүк тура.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости