www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Таалайбек Мадаминов 15-декабрдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда бийликке саясий куугунтукту, сөз эркиндигине жана Жогорку Кеңешке басымды токтотуу талабы жазылган.

Эскерте кетсек, 15-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта саясий ачкачылык кармагандардын саны 19га жеткен. 14-декабрда ачкачылык жарыялаган камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын азыркы жетекчилиги демократиянын негиздерин талкалап, авторитаризмди орнотуп жатканын билдиришкен.

Белгилей кетсек, оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

ИИМ алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости