www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АШАнын учурунда «ал мас» деп коюп, мамлекетти Бабанов, Илмияновго окшогондор башкарып калышкан. Эми да Бабановдун өкмөт башчысына умтулуп жатканын көпчүлүк туура көргөн жок. Акылбек Жапаровдун президенттин тегерегинен түк кеткиси жок. Кыргызстан жыргап кеткенсип башка мамлекетин башчыларына жагалдангандан башка эмне иш бүтүрдү? Балким шайлоо болсо, биротоло президент болуп алсам деп самап жүргөндүр. Болор, анткени биздин Кыргызстанды шопурлар деле башкарып көнүп албадыкпы? Кокус, дагы бир күчтөр чыга калып Садыр Жапаровду оодарып жибербесе эле болду.  2020-жылдын 9-октябрында башалмандыктан соң Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Элвира Сурабалдиева сыяктуу трайбалисттердин өкчөгөн чүкөлөрү айкүр конуп, өздөрүн-өздөрү билип шапар тээп калышкан. Мисалы, Садыр Жапаровдун ал кезде шайлоосу жок бийлик башына келгенинен пайдаланып Өмүрбек Бабанов жакшы көргөн досу Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министри кылып тышкы саясатты өзүм билем болуп калган. Ал эми дагы бир трайбалист коллективдештирүү учурунда Жумгалдан качып келип,  Чүйгө келип коргологон трайбалист Темир Сариев Саламаттыкты Сактоо министрлигин көздөп калган. Көп бабыраган «Уу коргошундан» соң, ал Батырова деген кол баласын министрге алып келген. Башаламандыктан пайдаланып вице-премьерге келген, азыркы депутат Элвира Сурабалдиева бийликке каршы соцтармактарда блогер катары согуп жатканы таң калычтуу.

Азыркы президенттик администрациясынын тегерегиндегилер көп мүчүлүштүктөргө жол берди. «Баягы, баягы Баялынын аялы» дегендей булардын саясий беттери таман болуп калышкан, мурдагы эле элдин алдында кадыр-баркы кеткен саясатчылар жүрөт. Алыстан ат арытып, карыялык батабызды берип койолу деген аксакалдарды курултай учурунда филармониянын ичине жолотуп да койгон жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости