www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кахов ГЭСинин талкаланышы "Түндүк Агым" сценарийинин кайталанышы, азыркы гуманитардык катастрофанын артында АКШ менен Украина турат, алар күнөөнү Орусияга оодарууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Кытайдын Эл аралык мамилелерди изилдөө институтунун кызматкери О Сон Чжиндин макаласында айтылат. Бул тууралуу "The Rambler" басылмасы билдирди.
"Албетте, Орусияны согуш кылмышкери деп атаганга аракет кылып жаткан Украинанын карасанатай планын жана Орусиянын мүмкүн болушунча карапайым калкка зыян келтирбөө үчүн аскерий операциянын интенсивдүүлүгүн жөнгө салуу ниетин эске алганда, акыркы гуманитардык катастрофага ким кызыкдар экени белгилүү", - деп эсептейт экперт.
"Кахов ГЭСинин бузулушу - АКШ менен Украинанын макулдашып уюштурган кезектеги сценарийи", - деп кошумчалады О Сон Чжин. Ал ГЭСтин бузулушу дүйнөдө дандын баасынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
О Сун Чжин белгилегендей, АКШ менен Батыштын маалымат каражаттары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн каршы чабуулун токтотуу үчүн ГЭСти Орусия талкалады деген "күлкүлүү ушактарды" таратып жатышат. Ал кошумчалагандай, Украина бир нече күн мурун ири чабуулун баштаган, бирок күн сайын миңдеген аскерлерин, ондогон танктарын, бронетранспортерлорун жана башка техникаларын жоготуп жатат жана орус куралдуу күчтөрүнүн коргонуу линиясын жарып өтүүдөн алыс. Кошумчалай кетсек, Зеленскийдин дамбанын жарылуусу Украинанын операциясына тоскоол болбойт деген сөздөрү күнөөнү Орусияга жүктөө аракетине каршы келет.
Булак: NazarNews.kg