www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылганын билдирген. 371 миллион сомго бааланган жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылганы маалымдалган болчу.

Чыныбай Турсунбековдун көзү өткөн соң «Акун» пансионатын анын кызы  Айдай Турсунбекова кожоюндук кыла баштайт. Анын эскерүүлөрүнө көңүл буралы.«Акун» компаниялар тобуна кирген ишканалардын биринин жетекчиси Айдай Турсунбекова «Акун» пансионатын 1999-жылы ата-энеси барып тандап алганын, ал учурда өзү 11 жашта болгонун, андан бери бир топ иштер жасалганын жазып, салыштыруу иретинде сүрөттөр менен бөлүштү.

«Мындан 24 жыл мурун, 1999-жылы сентябрь айында ата-энем менен Ысык-Көлгө бардык. Анда мен 11 жашта элем, сиңдим 9 жашта, иним болгону 2 жашта болчу. Жашым кичүү болгон үчүн биз пансионатты тандоо максаты менен бара жатканыбызды жакшы деле түшүнбөптүрмүн.

Кара-Ой айылындагы «Чынар» пансионатына барып, абдан эски коттедждер, талкаланган аллеялар, территорияда жайылып жүргөн мал, көптөн бери каралбай калгандыгы көрүнүп турду. Бирок эмнегедир ал пансионат баарыбызга жакты. Өзгөчө аурасы бар эле. Менимче, биз ошондо эле ушул пансионатты тандай турганыбызды түшүнгөнбүз. «Чынар» пансионатынан алган алгачкы таасирим бир башкача эле. Ашкананын чатырында Ысык-Көлдүн ажайып кооз көрүнүшүн көргүдөй ачык терраса бар эле. Ал жерден биз пансионаттын аймагына көз жүгүртүп, атам, апам менен бул пансионатты кантип өзгөртөбүз деген пландарды абдан көңүлдүү талкуулаганбыз. Аткарыла турган иштер көп экенин мен кийин түшүндүм. Бала болгондугумдан пансионаттын канчалык кейиштүү абалда экенин кабыл алган эмесмин, бирок анын абдан эски жана каралбай калгандыгы балага деле түшүнүктүү эле. Бирок аурасы – абдан сыйкырдуу эле! «Чынардан» кеткибиз келбей, жээкке барып сууга тушүүнү туура көрдүк. Пляжды отоо чөп басып кеткен экен, малдан кийин калган «миналарды» басып албоо үчүн абайлап өтүү керек эле. Эскилиги жеткен «грибоктун» астына барып жайгаштык. Сүлгү алып келүү үчүн пляждан машинаны көздөй чуркап барганым эсимде. «Чынар» пансионатынын негизги кире бериши жана унаа токтотуучу жайы «Күнөстүү жээк» пансионаты менен чектеш жерде болчу, азыр ал жерде жергиликтүү калк үчүн пляжга кирүүгө жол ачып бергенбиз. Территорияда адашып калбаш үчүн өзгөчөлөнүп өсүп турган чоң кооз даракка ориентир алдым – ал мажүрүм тал эле. «Керемет! Атам, апама көрсөтүш керек экен» деп ойлонуп артка жол табуу үчүн аны эстеп калдым. Ал дарак дагы деле ошол жерде өсүп турат. Андан анча алыс эмес жерде чоң кооз карагай өсүп турган эле. Тилекке каршы, биз атамдан айрылган жылы, карагай дагы кардын оордугун көтөрө албай толугу менен сынып калды. Атам бул карагайды абдан жакшы көрчү эле. Бүгүн пансионаттын эски сүрөттөрүн карап отуруп, ошол күндү эскердим. Ашкананын террасасында отуруп, куруп койгон пландарыбыздын көбүн ишке ашыра алганыбызды түшүндүм. Дагы көп иштерди аткара турчу пландарыбыз бар. Бир нерсени айта алам: пансионатка жумшалган көп жылдык зор мээнеттер, талыбаган эмгектер чын дилден, өтө берилүү, сүйүү менен жасалып азыркы өзгөрүүлөргө алып келди!» — деп жазды Айдай Турсунбекова.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости