www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баланын психологиясы эң назик болот. Каякка бурмаласаң кете берет. Баладан эл тааныган окумуштуу, өмүр сакчысы болгон жакшы врач, таланттуу ырчыны тарбиялап чыгарса болот. Ошол эле убакта, баладан террорист баш кесер өстүрсө да болот. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Борукулов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

-- Акыркы мезгилде эркектин маңкурттугунан да, аялзаттын маңкурттугу коом үчүн чоң азап деген ойлор айтыла баштады. Бул боюнча кандай пикирдесиз? Айрым аялдар караңгылыгынан хиджапты кийүүнү адатка айлантыштыбы же алар кимдир бирөөнү азгырыгына азгырылып жатышабы?

- Эркектерге салыштырмалуу, аялзаттын маңкурттугу коомго чоң азап деген сөз, эң туура айтылган сөз. Себеби, аялзаты үйдүн куту, балдардын тарбиясынын башаты, бала үчүн эч нерсеге алмаштыргыс үлгү болуп эсептелет. 

Ошондуктан: "энесин көрүп кызын ал", "атасы жамандын балдарынын бирөө жарымы жаман болуп, атасын тартып калышы мүмкүн, ал эми энеси жамандын баары жаман", деген сөздөрдү кыргыздар жөн айтышпаса керек. 

Баланын психологиясы эң назик болот. Каякка бурмаласаң кете берет. Баладан эл тааныган окумуштуу, өмүр сакчысы болгон жакшы врач, таланттуу ырчыны тарбиялап чыгарса болот. Ошол эле убакта, баладан террорист баш кесер өстүрсө да болот. 

Хиджап салган аялдардын жана арабдын катын көйнөгүн кийген сакалчан жапайылардын эң түпкү максаты дал ушунда жатат. Аларды тиги жактан бирөөлөр акча менен камсыздап, эл ичинде ар кандай бузукулук иштерди жасатып жатышат. Сакал койгон атасы, хиджап салынган апасы эч жерде иштебей жүрүшүп эле, кантип тириликтерин өткөрүп, бала-чакасын багып жатышат, чоң маселе... Анын үстүнө, ошол эч жерде иштебегендер айлап-жылдап жер кыдырышып, даават өткөрүп жүрүшөт. Ага деле акча керек да?

Булардын бетине тутканы беш маал намаз. Намаз болбосо, бир шылтоо табыш керек да, элдин ичине өздөрүнүн ыплас идеологиясын жүргүзүү... Эри ошол жолго түшкөн үй бүлөнүн аялы да эртеби- кеч эринин этегин кармайт. Ошентип, ата-эне биригип балдарын "аллахтын жолуна" сала башташат. Анан "аллах үчүн жаныңды кый, аллах үчүн адамдарды өлтүр", - дегендер чыгат. 

-- Кыргыздын аялдары кайсыл доордо, кайсыл заманда чүмкөнүп оронуп жүрдү эле? 

- Эң жаманы, өкүнүчтүүсү мектеп партасындагы жаш кыздарды оронтушуп, мектеп нормасын бузуп жатышат. Бир кыздын оронгонунан, ошол кыз окуган класстын ичинде тескери көрүнүштөр болуп жатат. Оронгон кыз мугалимдин сөзүн угуп да койбой, көгөрүп өз билгенин кыла баштайт. Башка балдар да ошол тарбиясыз кыздан үлгү алышып, жыйынтыгында мугалимдин баркы түшүп, мугалимдин баркы менен кошо окуучулардын билим деңгээли жер менен жексен болуп жатат. Мени укпай жаткан окуучуларга өзүмдөгү болгон билимимди бере аламынбы? Буларга тыюу салган бийлик жок. Бийликтегилер да басып туруп "Аллах", деп жатышса, ким тыйсын? Ушундай жол менен кете турган болсок, чала молдо дин бузарлардын азабын али көп тартабыз. 

-- Ырчылардын хиджап кийгенди айдатка айланта башташы боюнча кандай пикирдесиз? 

- Ал эми ырчылар оронуп чыгып жатканын маданият министри эле тыйып койсо болот. Фонограмма менен ырдагандарга тыюу салгыча, ошол оронгон, биттеген, шпион кебетеленген нарксыздарга тыюу салбайбы? Фонограммасы жок концертке эч ким деле кирбейт. 

Логикага салып карайлычы. Эгер оронуп ала турган болсо, ошончолук эле Аллахтын жолуна түшүп кеткен болсо, ырды да таштасын. Эркектерди тиктетип сахнага чыкпасын. Тигине Афганистанда ырдап-бийлеш эмес, аялдардын жогорку окуу жайына окуусуна тыюу салып коюшту. Оронгондор барышсын Афганистанга, каалаганча ороно беришсин. 

Кыргызстанда дин маселеси чектен чыгып, жакынкы күндөрдө башкара албай турган чекке жетип калды. А түгүл саламдашканыбыз, сыйынганыбыз да арабдашып, балдарыбыздын атын арабча коё башташты. 

Арабдардын фонддору көбөйүп, айылдарда адам башына бирден мечит пайда болгону калды. Ошолордун ою жакшы болсо, эмне үчүн бала бакча, мектеп куруп беришпейт? Себеби, аларга сабатсыз, билими нөл маңкурттар керек. Алар билимдүүлөр менен сүйлөшпөйт дагы. Биздин бийликтин көзү тунарып, ушул маселени көрбөй жатат.  Мектепке жалпы бирдей кийинүү деген норманы жөнгө салыша албай жаткан бийлик, эртең чала молдо дин бузарлардын террордук чабуулдарына, а түгүл төңкөрүштөрүнө күчү жетет бекен? Орто Азияда бир гана Кыргызстан жапайы арабкулдардын мекенине айланып калды. Булар батышчыл шүмшүктөрдөн да коркунучтуу күч болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости