www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө" шектелип кармалган жарандык активист Эрлан Бекчороевдин жубайы Шаршекүл Аманова "Фейсбуктагы" баракчасына Камчыбек Ташиев ИИМдин жасалма токуган ишин УКМК жетекчиси катары токтотууну колго алды деп түшүнүп, үмүт артканын билдирди.
"Бүгүн жолдошум Эрлан Бекчороевдин күнөөсүз камакта жатканына 82 күн болду. Тактап айтканда 82 күндөн бери Жараткандан гана үмүт артып калганыбызды Камчыбек Ташиев туйса керек деп ойлойм. Албетте, убагында "абак азабын" көргөн инсан катары өткөнүнө саресеп салып толгонгондур...
Кудайга үнүбүз жетсе пенде кайда качмакпыз. Камчыбек Кыдыршаевич айтмакчы, падыша баш болуп Кудай алдында баарыбыз окшош пендебиз! Дегеним, Камчыбек Ташиев бийликке келе электе Кемпир-Абад боюнча бийликке койгон талабына жолдошум Эрландын жана Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткан саясий туткундардын бийлик өкүлдөрүнө айткан сындары окшош. Демек, Камчыбек Кыдыршаевич бул ишти жакындан билген үчүн, Кемпир-Абад боюнча ИИМдин жасалма токуган ишин УКМК жетекчиси катары токтотууну колго алды деп түшүнүп, үмүт арттым", - деп жазып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин буга чейин социалдык тармакка жазган акыркы постун тиркеп койгон.
Булак: NazarNews.kg