www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маск мындай куралды колдонуу жана «өзүн ушундай абалга алып келүү» акылсыздык экенин баса белгиледи. Орусия АКШ Украинадагы жаңжалга канчалык көп аралашса, өзөктүк державалардын кагылышуусун провокациялоо коркунучу ошончолук чоң болуп, катастрофалык кесепеттерге алып келерин айткан.Ядролук согуш коркунучу күчөп баратат, бирок Орусия мындай куралдарды коргонуу каражаты катары көрөт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын 7-декабрында жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңештин жыйынында билдирди:«Чынын айтсам, ядролук согуштун коркунучу күчөп баратат. Орусия ядролук куралды коргонуу каражаты жана жооп сокку уруу мүмкүнчүлүгү катары карайт», - деди президент.
Анын айтымында, Орусиянын ядролук күчтөрү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда алда канча өнүккөн. Ошону менен бирге ал Орусия Федерациясы өзүнүн ядролук куралын устара сыяктуу дүйнө жүзүндө толкундатып жибергиси келбей тургандыгын баса белгиледи. Ал кошумчалагандай, Орусия биринчи кезекте тынчтык жолдорго көңүл бурат, бирок керек болсо бардык чаралар менен коргонууга даяр.«Биз тараптан бир гана жооп болушу мүмкүн: улуттук кызыкчылыктарыбыз үчүн ырааттуу күрөш. Биз эмне кылабыз. Эч ким башканы күтпөсүн. Ооба, биз муну ар кандай жолдор менен жасайбыз. Албетте, биз биринчи кезекте тынчтык жолдорго басым жасайбыз. Бирок эч нерсе калбаса, биз бардык каражаттар менен өзүбүздү коргойбуз», - дейт президент.
Орус лидери белгилегендей, эл аралык уюмдардын буга чейин болгон мамилеси ар тараптуу анализди талап кылат, анткени алар такыр башка, жакшы максаттардан алыс жетүү үчүн колдонула баштады: «Биз адам укуктары доктринасы мамлекеттердин эгемендигин жок кылуу, Батыштын саясий, финансылык, экономикалык жана идеологиялык үстөмдүгүн актоо үчүн колдонулуп жатканын көрүп турабыз», - дейт ал.Анын айтымында, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши, Европа Кеңеши тарабынан «атайын аскердик операция» башталгандан кийин, укук коргоо уюмдары күтүүсүздөн «сокур болуп» калып, уялбастан өздөрүнүн «абсурддуу бир жактуулугун» көрсөтө башташты.
Ядролук курал менен “ойноо” башталды. Бул оор кесепеттерге алып келет.Биринчи убакта ядролук согуш “бошоң” жерлерде башталышы мүмкүн. Мисалы, Түндүк муз океанындагы, чөлдөр, Сибирдеги жерлер аткыланышы мүмкүн. Бул кесепет чоңоюп отуруп дүйнөдөгү 8 миллиард адамдын 5 миллиарды кырылууга дуушар болот. Билбейм калган 3 миллиард кантип аман каларын. Дүйнө калкынын саны ноябрда 8 миллиардга жеткен. Бул орто ядролук согушта болушу мүмкүн. Ал эми күчтүү ядролук согуш башталганда Жер шары огунан чыгып кетип тирүү жан калбай калат. Мындай акыр заман болгон дешет, Нух пайгамбар тууралуу имиштер жер огунан чыгып кетип, кайра калыбына келет. Шамбалада да бул айтылат жер калкы болгон атланддар жер огунан чыгып кеткенде күм-жам болгон. Эми да ядролук согуштарга багыт алдык.
Путин НАТОну ачык эле коркута баштады. НАТО да Орусияны ядролук шантаж менен коркутуп жатат. Демек, расмий Москва ядролук курал колдонсо да элин коргойт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин элге кайрылуусунда билдирди: «Батыш бардык чек араларды кесип өттү, биз тынымсыз коркутууларды угуп жатабыз. Курск жана Белгород облустарында теракттар азыртадан эле жасалып жатат. НАТО Орусиянын түштүгүндө чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Алар Орусияны согуш талаасында жеңүү керек деп ачык айтышат. Ядролук шантаж да күчүнө кирди. Мындай билдирүүлөрдү жасагандарга эскертип кетейин, биздин өлкөдө да андай куралдар бар. Элибизди коргоо үчүн бардык каражаттарды колдонобуз. Бул блеф эмес. Биздин көз карандысыздыгыбыз жана эркиндигибиз бардык чаралар менен камсыз кылынат», - деди Путин. Ал Орусияны ядролук курал менен шантаж кылууга аракет кылгандар кырдаалды өз нугуна бурушу мүмкүн экенин эскертти.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg