www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи он күндүктө мезгилдүү маалымат каражаттарында чыккан президенттикке талапкерлер боюнча берилген маалыматтар боюнча төмөнкүдөй жыйынтык чыгарса болот:

  1. Жапаров Садыр, болжол менен шайлоочулардын 42 пайызын алышы мүмкүн. Жапаровдун штабы күн өткөн сайын чыңалып, күчтөнүп баратканына караганда, биринчи турдан жеңишке жетиш үчүн умтулары бышык. Алдыда дагы чамынып иштей турган убакыттар бар.
  2. Мадумаров Адахам, болжол менен шайлоочулардын 27 пайызын алышы мүмкүн. Мадумаровдун штабы далай бороон-чапкынды көрүп ээк кагып калган. Бирок, артында келаткан жаштардын командасы шайлоонун шайтан оюндарын үйрөнө калып, экинчиликти талашып кетпесе болду.
  3. Ташов Имамидин, болжол менен шайлоочулардын 18 пайызын алышы мүмкүн. Калган күндөрү дагы чамына турган болсо, келечекте мыкты президент келатканын билдирип дагы добуш топтойт. Эгер эки талапкер экинчи турга чыгып калса чечүүчү ролду ойноп калат.
  4. Кочкоров Улукбек болжол менен шайлоочулардын 5 пайызын  алышы мүмкүн. Кочкоров Улукбек экинчи президенттик шайлоого аттанды. Министр катары иштеп, ишинде дурус жылдырууларды көрсөттү.
  5. Калмаматов Бактыбек болжол менен шайлоочулардын 4 пайызын алышы мүмкүн. Калмаматов Бактыбек жаңы тапталып чыгып келатат. Президент болбосо да эл үчүн иштеп берерине шек жок.

Калган он үч талапкердин ичинде 0,1 пайыздан 3 пайызга чейин эл колдой тургандар бар.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости