www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Менин атымды жамынып, “Жалал-Абад” санаторийин басып алам дегендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда Govori.TVнын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Ташиевдин айтымында, “Жалал-Абад” санаторийи боюнча ишке тиешеси жок.
--“18-19-декабрда “Жалал-Абад” санаторийин басып алуу аракети болгон. Учурда аталган шаардын ИИБинин Тергөө башкармалыгында сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Алар мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүшкөн. Учурда алар кармалды. Бул окуя баарына сабак болушу керек. Акыркы учурда ушундай көрүнүштөр көп болуп кетти. Бирөөнүн атын жамынып мыйзамсыз иш алып баргандарга карата катуу чаралар колдонуларын жана ал мыйзам чегинде кылмыш ишинин козголушуна чейин барат”,-деди Ташиев.
Эске салсак, буга чейин Кесиптер бирлиги федерациясынын “Кыргыз курорт туризм” башкармалыгынын жетекчиси Күчүков жана ал “Жалал-Абад” санаторийине директорлукка мыйзамсыз дайындаган Айтиев бир нече кишилер менен келип, административдик имаратка кирип, директордун кабинетин ээлеп алууга аракет кылышкан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg