www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов «Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго каршы жазган арызын жокко чыгарууну өтүндү. Мындай өтүнүч менен өлкө президентине, Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылганын ал 11-апрелде «Азаттыкка» билдирди:
- Соттор тарабынан анын күнөөсүн далилдеген билдирүү болгон жок. Андан тышкары эксперттер «улут аралык кастыкты козуткан жок» деп айтышты.
Кылычов 1,5 жыл мурда президенттик шайлоо учурунда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылып, «Бабановго улут аралык кастыкты козутпоо тууралуу эскертүү берилсин. Эгер ошондой кадамдарга бара берсе ат салышуудан четтетилсин» деп өтүнгөн. Кылычевдин бул арызынын негизинде Бабановго эскертүү берилген.
2017-жылы президенттик шайлоодогу негизги атаандаштар КСДПдан Сооронбай Жээнбеков жана «Республикадан» Өмүрбек Бабанов болгон. Жээнбеков утуп, утулуп калган Бабановго эки кылмыш иши козголгон.
Анын бири «үгүт учурунда эл алдында сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет», экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген негизде болгон.
Бабанов өзү шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Жакында ал 13-апрелде Кыргызстанга келерин жарыялады.
Кылычев «мага УКМК Бабановдун Он-Адырдагы сөзүнө карата менин БШКга 1,5 жыл мурдагы арызымдын негизинде иш козгой тургандыгы жөнүндө маалымат жетти. Мен кимдир-бирөөлөрдүн саясий куралына айлангым келбейт» деп айтууда.
УКМК Кылычевдин бул билдирүүсүнө азырынча жооп кайтара элек - деп билдирди Азаттык.
Булак: NazarNews.kg