www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан ветеринардык врачтар коомдук бирикмесинин орун басары И.Турсункулов NazarNews.kg маалымат агенттигине ветеринардык инспекциянын жетекчиси Калыс Жумакановго карата Билдирүү жазды.
“Өткөн аптада депутат Тынчтыкбек Шайназаров Кыргызстанда дүркүрөп өсүп жаткан “эшек” бизнесинин башында ветеринардык инспекциянын жетекчиси Калыс Жумакановдун тураары жөнүндө жалпы журтка жар салды.
Бул жаңылык деле эмес, эл арасында эл арасында эки жылдан бери талкууланып жатпайбы, эгерде контабандалык жүк 22-январда ушул күнгө чейин тийиштүү чара көрүлбөй келген болсо, К.Жумакановду ордунан козгоймун деп Шайназаровдун шайы оойт бекен.
Маселе башкада болуп жатпайбы, мамлекет башчыбыз эки сөзүнүн биринде "таза иштегиле, элдин ишенимине ээ болгула" деп кан какшаган сайын, К.Жумакановго окшогон “жетекчилер” байлык топтоо аракеттерин күчөтүп, коррупциянын көлүндө эркин сүзүп жүрүшөт.
Эгерде эле кокустан Т.Шайназаровдун саясый эрки жетип, К.Жумакановду кызматтан четтетүүгө жетише алса, анда бул жетекчинин биз айтып жүргөн башка былыктары өзүнөн-өзү калкып чыгат.
Ар бир жетекчинин олтурган кызмат орду бул аманат, аманатка кыянат кылган Кудайга жакпайт”, деп билдирди И.Турсункулов.
Булак: NazarNews.kg