www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат 24 миллион сомго көбүрөөк же 152 млн сомду түздү. Бул туралуу “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” жана “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоорлорунун аткаруучу агенттиги, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн шериктеши Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти билдирди.

Чогултулган каражаттын көпчүлүк бөлүмү жайыттардын инфраструктурасын жана абалын жакшыртууга жумшалат.  Жайыттардын жакшыртуусу 2009-жылы “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын ишке кириши жана реформанын  өтүшү менен белгиленет. Жайыт тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишке ашырылган “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” долбоору жана учурда иштеп жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1, - 2”, “Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу” долбоорлору себепкер.

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматовдун айтымында, жайыттар кыргыз элинин баа жеткис байлыгы болуп саналгандыктан жайыт жерлерин пайдаланууда рационалдуу колдонуу ар бир Жайыт комитетинин башкы максатына айланыш керек. “Бир гана Жайыт комитеттери эмес ар бир жайыт пайдалануучу жайытка аяр мамиле кылуу менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна салым кошот”, - деп белгилейт департаменттин башчысы.  

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости