www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Орусия менен АКШнын ортосунда мамилелер сууп, үчүнчү согуштун илеби сого баштады. Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кытайлык коллегасы Ли Кэцян менен онлайн түрүндө сүйлөшүп жатып, бул маселеге чоң көңүл буруп кетти.

Байден жана АКШ ток. Бирок башкаларды ачкачылыкта кармап туруу үчүн жан алакетке түшүп жатышат. 43 мамлекетте 45 млн адам ачарчылыктын чегинде жашарын маалымат каңкуулап жатат.

«Кансыз согуштун» айынан бул мамлекеттерде бири-бирине каршы ядролук куралдар чегине келип калганда, Горбачев – Рейган келишимге кол коюшуп, жарыша куралданууну токтотуп калышкан. Акыркы мезгилдерде бул келишимдерди бузуу тууралуу сөз болууда. Кокус бул келишимдер жокко чыкса, үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачылат.

2021 - жылдын 16-июнунда «чоң жетиликтин» саммитинин тегерегинде Орус лидери Путин АКШнын президенти Байден менен президент катары биринчи ирет жолугушкан. Буга чейин алар 2011-жылы Владимир Путин Орусиянын премьер-министри Жо Байден АКШнын вице –президенти кезде жолугушкан.

Тогуз өлкөдө ядролук курал бар, бирок ядролук куралдар эң көп жана салмактуу АКШ менен Орусия эсептелет. Бул эки өлкө «кансыз согуштун» (холодная война) убагында бири-бири менен тирешип отурушуп, Жер планетасын ала салдырып жибере турган күчкө ээ болушкан.

АКШнын Колорадо жана Ратгерс университеттеринин жаңы изилдөөсүнө караганда, кокус гипотетикалык ядролук согуш башталса, андан дүйнөгө келчү зыян тууралуу айтышат. Эгерде ядролук куралдарга чек коюлбай кала турган болсо, ядролук деңгээлдеги согуш миллиондогон адамдарды жексен кылуу менен чектелбейт.

Ал планетаны акыркы муз доорунан бери кездешпеген муздак талаага айлантышы мүмкүн. Үчүнчү дүйнөлүк согуш дүйнөдөгү адамдардын кадимки өлүмүн көп эсе көбөйтүшү ыктымал, ортодо көптөгөн мамлекеттер жапа чегишет.

АКШ менен Орусиядан тышкары ядролук куралдар боюнча Кытай, Индия, Пакистан,Түндүк Корея жана башкалар АКШка коркунуч түзүп турат. “Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл” –дегендей Жо Байден президент болуп келгенден баштап Орусия менен Кытайга мамилесинен кайрадан тескери жакка бура баштады.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Кыргызстанды Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен, Чад, Ирак, Судан, Венесуэла, КЭДР, Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания менен бирге кирүүгө тыюу салган мамлекеттердин катарына кошкон эле. Жо Байден бул мыйзамды жараксыз деп тапты.

Майда-чүйдө мамлекеттер келсе келе берсин деди окшойт, чөгөлөткөнгө жараша зор державаларды чөгөлөтүш керек болуп калды.

Бүгүнкү учурда АКШ Борбор Азияда өзүнүн таасирин бекемдөө үчүн жан-алакетке түшө баштады. СССР тараган соң Вашингтон табыгий кендерге бай Борбор Азияга көзү түшүп, буларды өз таасирине алыш үчүн катуу чамынган.

Ошондон улам, Москва да колунда турган даяр «талканды» аларга бере салбаш үчүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстанды бириктирип Кытайдын Шанхай шаарында бешилтик келишимине кол коюшат. Кийин бул Шанхай кызматташтык уюму (ШОС) болуп өсүп кеткен.

АКШнын президенти Жо Байден Кытай АКШнын башкы атаандашы экендигин билдирген. Америка Кошмо Штаттары Индия-Тынч океан аймагындагы, анын ичинде Тайвань кысыгындагы стабилдүүлүккө коркунуч келтирген аракеттери үчүн Кытайдын жоопкерчилигин арттыруу үчүн биздин жалпы баалуулуктарыбызды жана кызыкчылыктарыбызды коргоп, жана Кытай эрежелерге негизделген эл аралык тартипти бузуп жаткандыктан, АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен кытайлык кесиптеши, ККП Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ян Цзечиге, АКШ «Кытайды жоопко тартат» деп айткан.

Ошондой эле, анын айтымында, Блинкен кытайлык кесиптешине АКШ Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунда, Тибет жана Гонконгдо адам укуктарын коргоону уланта берерин айткан. Буга кошо ал Кытайды Бирмадагы аскердик төңкөрүштү айыптоодо эл аралык коомчулукка кошулууга үндөгөн. Америка Кошмо Штаттары Кытай менен болгон мамилесин жана анын ичинде соода жүгүртүмүн кайра караган.

Индия менен Пакистан ядролук согуш ачса кыямат болот. Жаңы изилдөөгө ылайык, коңшу эки мамлекеттин ортосунда ядролук согуш чыкса бир жумага жетпей 50-125 миллион киши кырылышы ыктымал. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштун алты жылында кырылгандардан көптүк кылат.

Учурда коңшулаш эки мамлекеттин ар биринде 150дөй ядролук дүрмөттөрү бар. Алар 2025-жылга жалпысынан 400-500 даана ядролук бомбага ээ болушу мүмкүн.

Индия менен Пакистандын мамилеси кайра курчуп баратат. 2020-жылы Индия Баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, талаштуу Кашмир чөлкөмүндө жашаган адамдарды жарандык укуктарынан ажыраткан. Артынан эле Кашмирге аскер жөнөтүп, анысын Пакистан катуу сындаган.

Тогуз өлкөдө өзөктүк курал бар, бирок Пакистан менен Индия гана ядролук арсеналдарын тез көбөйтүп баратат. Себеби, ядролук куралдуу эки өлкөнүн, өзгөчө Кашмир үчүн, жаңжалы уланууда. Ошол үчүн ядролук согуштун кесепетин түшүнүү маанилүү.

Алаамат согуштун алгачкы жумасында эки жак бири-биринин шаарларынын үстүндө 250дөй ядролук бомба жардырышы мүмкүн. Тараптар ондогон жылдардан бери ядролук сыноо өткөрүшпөгөндүктөн, ал бомбалар канчалык кубаттуу болору белгисиз.

Бирок, изилдөөчүлөрдүн эсебинде, ар бир бомба 700 миңге чейин адамды тыйпыл кылат. Бул адамдардын көбү ядролук бомбанын жарылуусунан эмес, чыккан өрттөн кырылат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, 2025-жылы бир ядролук бомбанын жардыруу күчү 15 килотоннадан – бул 15000 тонна тротилге тете - бир нече килотоннага чейин болушу ыктымал. Эгер Индия 100, ал эми Пакистан 150 ядролук бомба жардырса, 50 миллиондон 125 миллионго чейин адам кырылып, массалык ачкачылыктан дүйнөдө дагы миллиондогон адамдар каза табат.

2020-жылы эки ядролук державанын - Индия менен Пакистандын чек арасында кагылышуулар тез-тез болуп турчу. Индия менен Кытайдын чек арасында чыр-чатактар чыгып, Европанын жана Американын аскер кемелери Кытайдын жээгинде улам-улам пайда боло баштады: Батыш Кытайдын эгемендүүлүгүн формалдуу көзкарандысыз аймактардан алуу аракетине тынчсызданууда.

Экинчи жагынан, Түркия өзүнүн экспансиясында эч кандай өзгөчө тоскоолдуктарды сезбейт: регионалдык лидермин деп, өзүнүн таасирин коңшу мамлекеттерге жайылтат жана түрк элдеринин биримдиги идеясын жайылтат.

Бул Карабак жаңжалдарды алып келген, бирок ал толугу менен аяктаганы аз келгенсип, түрк кызыкчылыктарынын чыңалуусунун акыркы очогу болуп калышы мүмкүн эмес. Анкара Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга активдүү кийлигишүүнү улантууда. Тактап айтканда, Сирия менен Ливияда, аскердик чыр-чатактар уланууда.

Иран дүйнөнүн бул бөлүгүндө маанилүү оюнчу бойдон калууда. Ислам Республикасы Израилге жана Батыш өлкөлөрүнө уламдан-улам каршы чыгып, өзөктүк программасын өнүктүрүүнү жана коңшу мамлекеттердеги мусулмандарга таасирин тийгизүүдө.

Тегеран чет элдик чалгындоо кызматтарын күнөөлөп жаткан аскердин жана илимпоздордун чуулгандуу өлтүрүлүшү, жалпы душмандын алдында калкты чогултуп, өлкөдөгү нааразычылыктар токтогон. Эгер алар кайрадан көтөрүлүп, Иранда режим өзгөрүлсө, бул өлкөнүн Европа мамлекеттери менен тыгыз мамиледен чыгуусуна жардам берет, бирок аймактагы кырдаалга күтүүсүз таасирин тийгизет.

2020-жылы тынч эмес жылдардан болгон Кара Африка (Малидеги исламчылар, Түштүк Судандагы жана Борбордук Африка Республикасындагы жарандык согуш), 2021-жылы эл аралык күчтөрдүн кагылышуусуна талаа болушу мүмкүн.

Бул талаада жаңжалга катышкан тараптардын биринен инструкторлорду жиберген Орусия жана Африка өлкөлөрүнө инвестиция менен кирип келген Кытай жана мурунку колониялар менен өз ара аракеттенип көнүп калган европалыктар ойношот.

Эгер 1945-жылы Хиросимага бомба түшкөндөн кийин карасаңыз, туурасы 1,6 чакырым чукул шагылдуу талааны көрмөксүз. Бул бомбанын эмес, өрттүн натыйжасы. Ядролук бомба чабуулунан чыккан өрттөн атмосферага 16 миллион тоннадан 36 миллион тоннага чейин көө сапырылып, Жерге Күндүн жарыгынын өтүшү 20-35% начарлайт.

Жер бетиндеги температура бир нече жыл бою орточо 2-5 градус болот. Жаан-чачын 15-30% азаят. Өсүмдүктөрдүн өсүшү 15-30% солгундайт, кургак жер менен океандардын түшүмдүүлүгү 5-15% төмөндөйт. Кыямат азык-түлүк тартыштыгы менен коштолот.

Түтүн атмосферанынын жогорку катмарында кармалып калгандыктан, ядролук алаамат алып келген окуядан Жер бетинин калыбына келишине ондон ашык жыл керек болот. Жер системасынын бүгүнкү моделинин негизинде өткөрүлгөн эксперимент кургактагы өсүмдүктөр менен океандардагы балыр сыяктуулардын түшүмдүүлүгү өтө азайып, анын кесепети адамдар үчүн опурталдуу болорун айкындаган.

Ракета келишимдери Чикагодогу атом илимпоздорунун Кыямат Саатындагы жебелерди мурдагыга караганда түн жарымына жакын бурушуна себеп болгон бирден-бир фактор. Таасир этүүчү зоналарын кайра бөлүштүрүү бүткүл дүйнө жүзү боюнча уланууда.

Бирок, XXI кылымда алар белгилүү бир аймактарда ок атуучу куралдар менен гана эмес күрөшүп жатышат. Кибер чабуулдан, купуя маалыматтын чыгып кетишинен же бүтүндөй үгүт өнөктүгүнөн улам келип чыккан душмандын инфраструктурасындагы күтүлбөгөн жерден бузуулар - биздин мезгилдеги негизги согуштар компьютерлердин айынан жүрүп жатат.

Ядролук курал кайсы бир рационалдуу планга ылайык колдонулбайт, ал кокусунан, же хакердик чабуулдун, же дүрбөлөңдүн натыйжасында, же дүйнүнүн акылы айныган лидерлеринин кесепетинен колдонулушу ыктымал. Алааматты болтурбоонун жападан жалгыз жолу - анын алдын алуу. Ошондуктан ядролук куралдар боюнча келишимдерге кайрадан кол коюлушу мезгилдин талабы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости