www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда балдар массалык түрдө уурдалып, кээ бирлеринин сөөгү табылып жатат деген жалган маалыматтын автору — ошол аймактагы мектеп мугалими аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлады.

Бул үн жазуу социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн. Мындан улам Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзгөн. Анын натыйжасында элди коркуткан маалыматты жаздырып WhatsApp тайпасына тараткан адам Сузак районунун тургуну, №90 Манас орто мектебинин 67 жаштагы мугалими экени аныкталган.

"Үн жаздырууну өзүнүн уулуна, ал өз баласына жөнөтүп, бала башка тайпаларга бөлүшүп жибергендигин айткан. Маалыматтын элге тарап кетишин билбегендигин, жасаган ишине өкүнүп жаткандыгын айтып, коомчулуктан кечирим сурады", — деп билдирди милициядан.

Маалыматтардын электрондук журналга "текшерүүнү талап кылган материал" болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

Эске салсак, буга чейин WhatsApp социалдык тармагында Сузак районунун аймагында кенже класстын окуучулары уурдалып жатат деген үн менен жөнөтүлгөн маалымат тараган.

Анда аял Сузак районунда мектеп жашындагы балдар уурдалып жатат деп билдирип, ага үрөй учурган маалыматтарды, окуучулардын сөөгү ички органсыз табылып жатат деп кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости