www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгына байланышкан маселе Жогорку сотто бүтөрүн боолжолоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ошондой эле Трамп өзүнүн шайлоодо жеңерине ишенип жатканын айтты.

"Биз шайлоону оңой эле жеңебиз деп ойлойбуз. Шайлоо боюнча сотко көптөгөн арыздануулар болот деп жатабыз, анткени бизде көптөгөн далилдер жана фактылар бар. Бул иш өлкөнүн жогорку сотто аякташы мүмкүн", — деп айткан Трамп.

Белгилей кетсек, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, ага учурдагы президент Дональд Трамп менен демократтардан Жо Байден ат салышты.

Азырынча шайлоонун жыйынтыгы бир катар штаттарда эсептелип бүтө элек.

Эске салсак, кечээ Трамп шайлоодо жеңип чыкканын жар салып, демократтарды "шайлоонун жыйынтыгын уурдап алууга аракет жасады" деп айыптап, добуштарды кайра эсептөөнү талап кылаарын айткан болчу.

Ал эми Американын алдыңкы телеканалдарынын маалыматы боюнча, азыркы тапта Байден алдыда келе жатат. Толук жеңишти камсыздоо үчүн ал дагы алты шайлоочунун добушуна ээ болушу керек.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости