www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демократтар партиясынын талапкери Жо Байден 270 шайлоочунун добушун ала элек жатып, АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптан бийликти өткөрүп алууга багытталган "өткөөл мезгилдин сайтын" ишке киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Аталган сайтта бир маалымат жана Байдендин сүрөтү жарыяланган.

"АКШнын кийинки президенти ким болорун Американын эли чечет. Айрым штаттарда добуштар дагы эле саналып жатат. Өлкө пандемия, экономикалык төмөндөө, климаттын өзгөрүшү, расалык акыйкатсыздык сыяктуу олуттуу кризиске кептелди. Өткөөл мезгилдин командасы Байден Харристин администрациясы биринчи күнү жумушту баштоо үчүн даярдыкты уланта берет", —деп жазылган сайтта.

Буга чейин CNN телеканалы АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын 150гө чукул администрация кызматкери шайлоодо жеңишке жетип калса деп Жо Байденге бийликти өткөрүп берүүгө даярдык көрүп жатканын маалымдаган.

Эске салсак, АКШда 3-ноябрь күнү президенттик шайлоо болду. Республикачылардын атынан азыркы президент Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан мурдагы вице-президент жана сенатор Жо Байден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости