www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: «Текебаевди

«2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда, трибунага чыгып алып “Кумтөрдү” улутташтырышыбыз керек” деп бакырып жатат», - деп айтты Президенттигине талапкер Садыр Жапаров түндө жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып.

“2012-жылы Кумтөр маселесин көтөруп чыктым. 4 ай изилдеп, парламентке токтомдун долбоорун алып чыктым. Ошондо акыркы күнү добуш берер күнү Текебаев бүт командасы менен добуш бербей чыгып кетип калган. Залда 4 эле депутаты калып добуш берген. Анын экөөсү мени менен чогуу барып комиссияда иштеген болчу, алардын добуш бербеске айласы жок болчу.

Эгер Текебаев колдоп койгондо өтүп кетмек. Андан кийин 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда, трибунага чыгып алып “Кумтөрдү” улутташтырышыбыз керек” деп бакырып жатат. Эки жыл мурун эмнеге добуш бербей койду анда? Бул деген арам ойлук саясат болгон”, – деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости