www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байдендин Путин тууралуу калпы ашкереленди

АКШнын Федералдык резервдик системасынын (ФРС) башчысы Жером Пауэлл президент Джо Байдендин калпын ашкереледи. Кеп өлкө башчынын өлкөдөгү рекорддук инфляцияга Путин себепкер деп айтканы тууралуу болууда. Бул туурасында Fox News агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Сенат жыйыны учурунда республикачы Билл Хэгерти Федералдык резервдин төрагасынан АКШдагы кымбатчылыкка Орусиянын күнөөсү канчалык экенин сурады. Пауэлл инфляция Украинадагы окуяларга чейин эле жогору болгонун айтты.

"Мен муну укканыма кубанычтамын. Байдендин администрациясы өзүн актоого аракет кылууда. Мунун айынан жалган маалымат таратып, болгон жоопкерчиликти Москвага оодарууда", — деди Хэгерти.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Америкадагы инфляцияга Орусия лидерин айыптап, "Путиндик кымбатчылык" деп атаган. Мындан соң Владимир Путин мындай маалыматка жазганды жана окуганды билбеген кишилер гана ишениши мүмкүн деп айткан.

АКШда бир нече айдан бери энергия булактары жана маанилүү товарлар кымбаттап жатат. Бензиндин баасы 3 доллардан 5 долларга көтөрүлдү. Инфляция 40 жылдык рекордду жаңыртып, 8,5 пайызга жетти. Бийликтин экономикадагы терс тенденцияларга каршы туруу аракети олуттуу натыйжа берген жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости