www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакир Таиров 2-февралга чейин абакта калат

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров 2021-жылдын 2-февралына чейин камакка алынды. Маалыматтарга караганда, анын баш коргоо чарасы 11-декабрда аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаты келип түшкөн факты аныкталган.

Эске салсак, Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, быйыл октябрь айында өткөн парламенттик шайлоо алдында, Финполдун мурдагы жетекчиси саясий партияны каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик орган жетекчилеринин бирин ири суммадагы акча которууга мажбурлаган.

10-декабрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости