www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакиров неге секирет?

Жогорку Кеңеште эт менен челдин ортосундагы Мирлан Бакиров деген депутат бар. Мурунку чакырылышта Бабановдун партиясы менен багы ачылып, бирок аягында Өмүкеңди сатып кеткен. Тактап айтканда, Бабановдон бөлүнгөн топторго кошулуп, ичтен ириткен эргулдар менен чекеге чыккан.

Эл арасында кадыры деле жок, калктын калың катмары тааныбайт, акчасынын молдугу менен мандатка жеткен нойондордун бири. Бирок, өзүн элге таанытыш үчүн үрпөңдөп сүйлөп, айрым жүүнү бош министрлерге сес көрсөтүмүш этип, эки чакырылыштан бери аракеттенип келүүдө.

Мейли, анысына каршылык жок, микрофонго жеткен соң пикирин билдиргенге жанын үрөсүн, бирок акылы жеткен ишке тиш салса дурус болмок. «Шефине» жагыныш үчүн кошоматтын коюн союп, ар кимди какшып-каарый бербей…

Булак: Мантыш

Последние новости