www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жегиле,жегиле дагы жегиле...

Борборубузда жүргүнчүлөрдү тейлеген эки чоң автобекет бар. Батыш автобекети жана Чыгыш автобекети. Кечээ Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында эл өкүлү Бактыбек Райымкулов Мүлк фондунун жетекчисинен Чыгыш автобекети жылына канча каражат мамлекеттин казынасына салаарына кызыкты.

Чыгыш автобекети жылына 35 миң сом пайда алып келет экен. Бул тууралуу Болсунбек Казаков билдирди. Тегереги соода павильондоруна толгон, ичинде жүргүнчү ташуучу маршруттук такси тизилип турган бекеттен кантип эле 35 миң сом казынага төксүн.

Кичине кудайды карасаңар боло? Жейт десе эле беш колду бир салып баарын эле капчыкка урбастан, казынанын да камын ойлоп койбойсуңарбы? Бекеттерди көзөмөлдөгөн Транспорт жана коммуникация министрлиги каякты карап олтурат? Же жолдорду оңдобосо, же кол алдындагы ишканаларды көзөмөлдобөсө министр эмне менен алек?

Булак: “Фабула”

Последние новости