www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламатсызбы Бактыгүл айым, Сиз 2010-жылдагы апрель окуясына катышып кийин, атайын күбөлүгүңүздү өрттөп салган элеңиз. Кайрадан эле капталыңыздан чыга калып, калың элдин арасынан тандап сизге саясат тууралуу микрафон суна берели. Акыркы жума Атамбаевдин үйүнүн айланасынан көрүп калдык. Ар кандай кептер айтылууда. Ток этээр жерине токтолуп, ичиңиздеги ачылбаган, айтылбаган саясый сырлардан айтып берсеңиз...
--Саламатчылык, кайсы биринен баштайын, “бизди бийлик кууратып салды, электр энергиясынын баасы жогорулап кетти” деп, кандуу 2010-жылдагы апрель окуясы болду. Менин Нарындагы үйүм штаб болуп, Убактылуу Өкмөттүн башында турган Роза Отунбаева баштаган топ биздин үйдө болду. Азыр булар көрсө дагы көрмөксөн болуп ары карай баскан болот. Биз УӨ Кыргызстанды, мамлекетти, бийликти, эли-жерибизди ойлойт десек, тескерисинче, каракчы-жеп тоногучтардын баарын бийликке алып келген экенбиз. Карапайым калкка барып, Отунбаева “бийлик, 1 сом 50 тыйынга электр жарыгын сатып жатат”, деп улам-улам сүйлөй берсе ишенген турбайбызбы? Көрсө ал, карапайым калкты өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланган экен. Накта уурулар ушулар экен да. Булардын мындай каракчы экенин кайдан билейин.
--Апрель окуясына катышканыңызга өкүнбөйсүзбү?
-- Албетте өкүнөм. Канчалаган кан төгүлдү. Бейкүнөө балдар окко учту. Өтө өкүнөм көрсө Убактылуу Өкмөт кара баштарынын кызыкчылыгын ойлоп эле жүрүшкөн экен. Аларды эл үчүн кызмат кылат десе, кылыктары менен жоругу жолдо калсын.
--2005-жыл менен 2010-жылдагы бийлик алмашуу эмнеси менен айрымаланды?
--Айрымасы өтө чоң. 2010-жыл кан төгүлүү менен айрымаланды. Миңге чукул адам жаракат алып, 100дөн ашуун адам каза тапты. Чындыгында ызы-чуу электр энергияга болгон баа үчүн гана чыккан. Так ушул Отунбаев баштаган каракчылар, “Максим Бакиев жеп койду”, деп ураан чакырып туруп алышпады беле? Муну баары билет да. Тилекке каршы булар элдин үмүтүн актабай уран маселесин удургутуп чыгарды. Урандын казылышына Роза Отунбаеванын катыштыгы бар экени айтылууда. Кыскасы кан менен бийликке келип элдин тагдырын ойлогон жок.
-- Ак үй бул мамлекеттик корукка алынган имарат болсо, жалпак тил менен айтканда кимдир бирөө мыйзамсыз кирсе ок атылат. Бирок 2010-жылдагы Ак үй тараптан атылган окторго ар кандай версиялар айтылып келет. Тилекке каршы ошондогу тасмаларга сарасеп сала турган болсок, карапайым калктын колунда дагы курал болгон. Эми каза болгондорго эки тарапты тең күнөөлүү деп эсептейсизби? Жаран катары Сиздин оюңуз кандай?
--Мен ага укуктук баа бере албаймын. Бирок эл арасында Бакиев элдерди толук аткан эмес экендиги айтылып жүрөт. Ал эми Роза Отунбаеваны аттуу-баштуу эле Шамиль Атаханов айтып чыкпады беле, “100дөн ашуун адам өлүшү керек деген буйрукту Отунбаева берген”, деген сөзүн интернеттен окуганмын. Бакиев аткан-атпагынына жооп бериши керек.
--Атамбаев Кудай деген киши да...
--Кайдагы...Атамбаев оозунан Кудайды түшүрбөйт. Ар дайым “Кудай дегиле, Кудайдан корккула” деп, дегеле Кудайды оозунан түшүрчү эмес. Деги өзү Кудайдан такыр коркпоптур да. Элдин ишенимин актаган жок, мыкты эр азаматтарды чапты, камады.
--Баса, кечээ Кой-Ташта Атамбаевдин үйүнүн айланасында жүргөнүңүздөр тууралуу талкуу жүрүп жатат..
--Ооба, Атамбаев бийликке келгенде “эл үчүн кызмат кыламын, жебеймин-ичпеймин” дегенден, өз көзүм менен үйүн көргөнү барганмын. Килтейген сарайда жашайт экен. Андан кийин биртикеден элди чыгарып, “экс-президент” тынч жашасын деп жатат. Биз экс-президенттин дарбазасынан ашып түшкөн жокпуз. Көрдүк, кандай байыганын. Атамбаевдин бийликке келгени Талгарбеков айткандай, кыргызга келген кырсык болду. Кадр маселесин өлтүрүп, жерге көмдү. Шоопур менен жан сакчысын мамлекеттик кызматтарга олтургузду. Атамбаев, “досуму шайлагыла” деп атып, досунун келечегине балта чаап, туура эмес мыйзамдарды бышырып кол коюп кетиптир. Азыр бир канча мыйзамдар бири-бирине карама-каршы. Анан эле маалымат-катчысы “обон” деп маек бериптир. Мен айткан сөзү үчүн сотко беремин. Кызыл кекиртегим үчүн кыйкырып жүргөн жокмун. Кыргыз элинин тагдыры үчүн жүрөм. Үй-бүлөөмдү баккан, жашоону туура караган, каапыр,тиги желмогуз дегенден качкан, өз абийирин сактаган, мыкты эне, өз жеримде эл сыйлаган аброю бар кадырлуу аялмын. Аны маданияттуу пресс-катчы кылган так ошол биздин эмгегибиз. Ал кыз орду менен сүйлөшү керек болчу.
--Атамбаевди жакын кишилери Бекболот Талгарбеков менен Кубанычбек Кадыров “Атамбаевди түрмөгө камаш керек” деген ураандан кайтпай коюшту. Эмнеге?
--2007-жылы Бакиевдин бийлиги турганда Кадыровдор камалган. Ошондо биз Атамбаевдин саясатын жүргүзгөнбүз. Атамбаев президент болуп алгандан кийин негизи жок эле мыкты кыргыздын жигиттеринин байлыгын тартып, аларды куугунтуктап жатып албадыбы? Тиги нарындык Нариман Түлеевдин байлыгына көз артып, атасынын байлыгына беш колун салды. Мына жеткен ач көздүк. Ошол 2010-жылы Нариман Түлеевди жаманатты кылган болуп, ячейкадагы акчаларды уурдаган. Уурдаган акчаларын Бакиевдерге шылтап койду. Атамбаев элдин аркасы менен бийликке келип алып, өзү билип өтүгүн башына кийди. Мыйзамдарды каалагандай калчап, хандык тактыда чимирилип бийледи.
--Так ушул тапта уран маселеси боюнча катуу талкуу болууда. Тилекке каршы уран маселес Бакиевдерди кууп жиберип, аянтта ант ичип келген Убактылуу Өкмөт келгенден кийин 2010-жылдан баштап эле четинен казылып, калактары сүзүлүп баштаган экен да. Эми бул жагына кандай дейсиздер? Уран маселеси тууралуу 2010-жылдан кийин түзүлгөн атайын кыймылдар менен бирге Отунбаева менен Атамбаевге Кайрылуу же Билдирүү жазган жоксуздарбы?
--Чындыгын айтканда уранды буга чейин укпаптырмын. Кышында бир семинарга келсем көлдүк активист бала уран тууралуу зар какшаган. Кийин эле Кочкордон 40 жашка чейинки балдарды жумушка алып жаткандыгын угуп калдык.
--Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго кандай сөзүңүз бар...
--Жээнбеков абдан жакшы иштеп жатат. Азырынча эл арасында ал кишиге каттуу айтылган сын-пикир жок. Болгону жанындагы ашыкча кошоматчылардан сак болушу керек. Анткени мурдагы президенттин башын жуткан кузгундар Ак үйдүн айланасында, Жээнбековдун жанында шимшип жүрөт.
Булак: NazarNews.kg