www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Сыймык Жапыкеев шайлоого чейин коррупцияга шектелгендердин үстүнөн катуу иш жүрөрүн айтты эле. Эми шайлоо өтүп, Кубатбек Бороновдун суракка чакырылганы маалымдалды. Дегеле коррупция менен күрөштүн натыйжасы эл күткөндөй боло алабы?
- 2010-жылы коррупцияга каршы күрөш боюнча агенттик бар эле. Ошол жерде Жапаров өзү комиссар болчу. Аны кайрадан жандандырса, пайдасы көп болот. Коррупция менен күрөштө интеллектуалдуу курал-ды колдонуу зарыл. Күч органдары менен аны жеңүү кыйын. Коррупция менен күрөшкөндөрдүн үстүнөн дагы күрөшүү керек.
Кыскасы, коррупция менен күрөштө реформага баруу маа-нилүү. Антпесе, ал баягы 30 жылдык калыбында кала берет.
- Ошондо азыркы күрөш эч кандай натыйжа алып келбейт деген ойдосузбу?
- Натыйжасы жок болуп жатканын көрүп жатпайбызбы. Буларды камаса, кайра жаңылары пайда болот. Алардын артынан Жапыкеевдин, Жапаровдун жанындагылар да аралашып кетиши мүмкүн. Түзүлүп калган схемаларды иштете беришет. Далилдери так жана анык болушу маанилүү. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы модели менен иш алып барбаса, муну эч ким жеңе албайт. Жапаров айткандай, зыян келтиргендердин ар бирин эле коё берүүгө болбойт. Статьяга жараша иш алып баруу зарыл.
- Пандемия учурунда шалаакылык кылгандардын баары жоопко тартылары айтылууда. Анын башы кимге барып такалышы мүмкүн?
- Ошол кезде кимдерге тийешелүү болсо, баардыгы керт башы менен жооп бериши шарт. Ал эми экс-президентке келсек, анын моралдык жоопкерчилиги бар.
Булак: Азия News гезити