www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кичинекей Золушка" бала бакчасынын жетекчилиги аялдын баланы сабап жаткан видео боюнча комментарий берди.
Билдирүү социалдык тармактарга жарыяланды.
Интернет желесине аялдын баланы сабап жатканы тартылган видео тараган. Өз кезегинде Анара Темирбек кызы баланын апасы экенин, бала бакчада ашпозчу болуп иштегенин айтты.
«Бул бала түшкү уйкуга даярданып жатып өзүнүн жана жанындагы кыздын да ич кийимин чечип салган. Бизде видеокөзөмөл болгондуктан, кыздын ата-энеси видеону тарбиячыга жөнөткөн. Ал видеону бизде ашпозчу болуп иштеген баланын апасына көрсөткөн. Ал видеону көргөндө өзүн кармай албай, уулун мындай аракеттерди кайталабаш үчүн урушууну чечкен. Учурда Билим берүү министрлигинде жана милицияда териштирүү иштери жүрүп, аталган аял сурак берип жатат. Өз кезегинде биз аны жумуштан бошоттук», — деп айтылат бала бакчанын жетекчилигинин билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, аталган видео социалдык тармактарга тараган. Анда бала бакчада аял жаш балага кол көтөрүп, коркутуп жатканын көрүүгө жана баланын ыйлып, "мени чаппа" деп жатканын угууга болот.
Булак: NazarNews.kg