www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсенкул уулу Куттуксейит менен Качыбек кызы Үкүнүн Үпөл, Бопу, Уулкелсин, Жаңыл, Жалбы, Томон деген жер гүлүндөй кыздары болгон. Ал кездеги кыргыздар эркек баланы өтө эле самаган, артымда тукум калса деп, атымды өчүрбөй турса деп, эл сураса баланчанын баласы деп айтыса экен дешкен. Ошол тилек Куттуксейитте да болгон. Эмдигиси уул бала болсун деп Уулкелси, Жаңыл, Жалбы деген ат да койот. А бирок алган жары Үкү эч жаңылбай, бир токтобой кыз төрөй берет. Куттуксейит менене Үкү ичтен муңайып кудайдан уул тилешкт. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турган уул болсо экен , биздин көзүбүз өткөндө элге аты чыга уул болсо деп күтүшөт. Бирок кыз артынан кыз келип, алырдын жылдызын жерге түшүрө беркт. Ошондой саналуу күндөрдүн биринде Үкү түш көрөт. Түшүнө кадимки Умай Эне кирет. –Мен сенин Умай Энеңмин,-дейи ак кийимчен колуна мшам кармаган байбиче.- Санаага батып башыңды жерге салбагын.мына бул саканыналгын да жаткан кезде жаздыгыңдын алдына катып жүр, Кырк күндөн кийин үйүңдүн жанындагы жийденин түбүнө кел. Куш жиберем, таң кылайып атканда, кушту ээрчип кел. Сага берер белегим бар, ошондо берем .-дейт да көздөн кайым болот. Селт этип ойгонот. Түш экен.
Арадан туура кырк күн өтөт. Кырк биринчи күндүн таңы атаар маалда, таң жарчыдан мурун ойгонот. Ак канаттуу алгыр куш үйдүн жанындагы бакта конуп отурган экен.Үкүнү көрүп ак канатын жая калып шаңшып жиберет да, каалгый учуп жийдени карай учат.Таңкы үрүл-бүрүлдө Үкү апа эт жүрөгүн кулундай туйлатып, аза боюна майда калтырак басып, Умай Эне айткан жерге барат. Эч ким жок, шаңшыгандай үн чыгарып, жанагыл ак канаттуу куш ал турган жийденин бутагына конот. Жүрөгү туйлай түшүп, коюнуна коркконунан батыра албай ак канат кушту жалдырай карайт.
-Келдиңби, балам? Тилегениң денеңе түштү. Жараткан сенин жаныңа жан кошту. Жан адамга билдирбей асырап ал. Башка балдарыңды төрөгөндөй санаага батып саргайба. Втанын атын чыгара турган уул болот.Атын жашырып койгула, ырымдап чоңойткула, тогуз ай толуп, тогуз күн болгон убакта толгооң келер. Толгооң келген кез болсо үйүңдөн чык да кой короого баргын. Толгооң жеңил өтөт, жаныңда дайым мен болом деп, чөйчөккө айран куюп берет. Үкү апа ичет, ичкен айын түгөнөбү десе түгөнбөйт. Караса Умай Эне жок, жийденин бутагында ак канат куш да жок.
-Жакшы бар балам. Үшүбөй үйүңө кир.-деген жакын жерден жанга жагымдуу, назик да, аялуу да үн чыгат.
«Жаш өйдөлөп калганда барган кезде балалуу болду деген сөз чыкпас бекен? Эне дээр экен»-деп ойлонот да ошол бойдон мемиреп уктап кетет.
Күн аркан боюу көтөрүлүп калган кезде ойгонот. Отуздан өтүп калган кезде Үкү апа көз жарат.толгоосу жерге батырбай калган кезде кечигип чыккан айга окшоп, бурала басып, буулуккан жандын көксөөсүн уул төрөп берип бассам деп сыртка чыгат. Кайран киши канатынын алдында катылган сырды айта албай, жүрөгүнө батырган тагдырдын сөзүн чыгарбай короону көздөй бет алат. Ачып көздү жумгуча артынан бирөө сүйөп, колтугунан дагы бирөө алгандай болот. Кыйналбай жеңил төрөйт. Балага Суранчы деген ат коюшат, аты Суранчы болгону менен ал аты айтылбай Шамен атка конот. Буга Үкү апа сүйүнөт. Кийин кулакка тартып жаткан учурда, Шамендин тукумунан Маты Даты деген «беш күрөңдөр» менен алака түзүп, Мусакан деген баласын советтик Шаменге каршы доордо «беш күрөң» катары өстүрөт. Кызыгы, Датынын атасы Суранчы болгон. Баса Датынын өз аты Эсенкул болуптур. Балким Матыга окшоштуруп Даты деп калышкандыр.
Шамен жогоруда айтылгандай түшкө аян бериип, сырдуу дүйнөнүн сырын катып төрөлгөн. Жөн эмес, өзгөчө касиет менен жарык дүйнөгө келген. Айрым айтымдарга караганда ал сөз берметтерин азыктандырган касиети менен катар олуялыгы, көзү ачыктыгы да болгон. Ал чынжырлуу манаптын тукуму болгондуктан ал касиеттерин пайдалана алган эмес. Андай касиет, сапаттарынын бары сөз өнөрүнө чыгып кеткен. Замандаштарынан калган эскерүүлһрдө ал ал чыныгы касиеттүү болгон, бирок ал өзүндөгү бул сапаттарга көп маани берген эмес. Мүмкүн каалаган эместир, балким көзү ачыктыкты намыс көргөндүр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ