www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте бейбаштыкка шектелип 2007-жылы туулган О.Э., 2006-жылы туулган К.А. жана 2002-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, милицияга М.И. аттуу жаран кайрылып, 27-майда саат 02:50 чамасында Молдокулов көчөсүндө белгисиз адамдар жаракат келтиргендигин кабарлап, аларга чара көрүүнү суранган.
Факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Окуяга тиешеси бар башка адамдар да аныкталып, алардын аракеттерине да юридикалык баа берилмекчи. Тергөө уланууда.