www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмү тууралуу билдирүү таратты.
Маалым болгондой, ал бүгүн, 18-июнда саат 00.55тер чамасында СИЗОнун камерасында асынып алган жеринен табылган.
Ага СИЗОнун кызматкерлери жана камерадагылар биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок келген медиктер анын каза болгонунун аныкташкан.
«Белгилей кетсек, ал санитардык блокто болгон. Аны менен дагы үч айыпталуучу эки кишилик эки камерага камалган. Ошол эле учурда жуунучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык турчу. Камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. Суицид учурунда калган айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан. Ошондуктан алар өз өмүрүнө кол салуу аракетине убагында тоскоол боло алышкан эмес», - деп билдиришти башкармалыктан.
УКМКнын басма сөз борбору билдиргендей, Бакыт Асанбаев СИЗОдо болгон учурда ден соолугуна, кармоонун шарттарына даттануулар болгон эмес. Жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин келип-кетип жүргөн. Андан тышкары Кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген. Анын жүрүм-турумунда өз өмүрүнө кол салуу элементтер байкалган эмес. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Булак: NazarNews.kg