www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (SPIEF) пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.
Орусия лидери дүйнөдөгү азыркы кырдаал, глобалдык күн тартиби боюнча өз пикирин билдирди. Ошондой эле орусиялыктардын жашоосун жакшыртууну сунуштап, тапшырмаларды берди.
Ал бир сааттан ашык сөз сүйлөп, андан соң форумдун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.
Путиндин сөзүнүн урунттуу учурлары:
сактап калуу аракеттерине карабастан бир уюлдуу дүйнөнүн доору бүттү;
Батыш өздөрүнүн геосаясий кызыкчылыгынын айынан атайылап эл аралык келишимдерге доо кетирди;
АКШ өзүн кансыз согушта жеңишке жеттик деп жарыялап, өзүн жер бетинде теңдеши жок кудайга теңеп койду;
Батыш таңуулап жаткан саясаттагы жана экономикадагы стандарттар азыр иштебейт;
Батыш элитасы өткөндү артка калтыра албай, дагы деле иллюзия менен жашап жатышат;
Европадагы азыркы кырдаал биринчи кезекте популизмдин жана радикализмдин күчөшүнө, ал эми жакынкы келечекте элитанын алмашуусуна алып келет. ЕБ акыры эгемендигин жоготот;
Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардан улам дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготууда;
азыркы абал атайын операциянын натыйжасы эмес, баары андан мурда башталган. G7 өлкөлөрүнүн жоопкерчиликсиз макроэкономикалык саясатынан улам күч алган;
Россияга каршы санкциялар акылсыздык жана ойлонулбаган нерсе. Негизгиси Орусия экономикасын талкалаш керек болчу. Андан майнап чыккан жок;
европалык саясатчылар өздөрүнүн экономикасына өз колдору менен олуттуу сокку урду. Товарлардын жана продукциянын баасы өсүп жатат;
Батыш өлкөлөрү эгер аларга бир нерсе жакпаса каалаган убакта башка бирөөлөрдү кысымга алат. Бул жырткычтык жана колониялык саясат;
Орусия Батыш менен АКШда инфляцияны "көбөйтүп" турган ушунчалык жырткыч көрүнөт. Бирок проблемалар жылдар бою бышып жетилген;
жакыр өлкөлөр дүйнөлүк рынокто жер семирткичтердин жетишсиздигинен ачарчылык коркунучунда турат. Бул АКШ менен Европа биримдигинин абийиринде болот;
Украинада атайын операция өткөрүү аргасыз, бирок зарыл чечим болду. Бардык тапшырмалар аткарылат;
Орусиянын башчысы өлкө жеке бизнеске негизделген экономиканын өнүгүшүн камсыздап, административдик жүктөрдү жеңилдетүүнү улантуу керектигин белгиледи.
Ошондой эле ал турак жай-коммуналдык чарбаны модернизациялоо боюнча комплекстүү программаны ишке киргизүүнү, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоону жогорулатууну, ошондой эле ишканалар үчүн жылдык 5 пайыздык өнөр жай ипотекалык программасын ишке киргизүүнү тапшырды.
Булак: NazarNews.kg