www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда укук коргоо органдары балдарын кыйнаган аялга кылмыш ишин козгоду. Ал 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, деп билдирет Podrobno.uz.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда эне балдарын кыйнап, өлтүрөм деп коркуткан видео тараган.

Аялга Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 2-бөлүгүнүн «а» пункту (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмыш үчүн төмөнкү жазалардын бири колдонулушу мүмкүн:

360 сааттан 480 саатка чейин милдеттүү коомдук жумуштар;

2 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштары;

2 жылдан 5 жылга чейин эркиндигин чектөө;

5 жылга чейин эркинен ажыратуу.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, үй-бүлө жана балдар менен иштөөгө психологдор тартылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости