www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд облусунда эне балдарын кыйнап, өлтүрөм деп коркутуп жатканын видеого тартып алган.

Социалдык тармактарда үрөй учурган видео тарады. Анда Самарканд облусунда эне балдарын кыйнап, өлтүрөм деп коркутуп жатат. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Тартип сакчыларынын айтымында, видео Самарканд облусунун Каттакурган районунун Андок айылында тартылган.

Кадрларда аял улуу баласын кыйнап: "Ата, мен өлүп баратам деп айт. Мени менен коштош, деп айт", — деп жатканын көрүүгө болот.

Ал ошондой эле кичүү баласын да мойнунан кармап: "Мына, ушинтип өлтүрөм" деп жатканын угууга болот.

Облустук ички иштер башкармалыгы 23 жаштагы келин Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү менен уруша кеткенин билдирди. Жаңжалдан кийин ал кишиден өч алууну чечип, ага балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн видеону жөнөткөн.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, жыйынтыгында жарандын аракетине юридикалык баа берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости