www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктар быйыл 28-мартта планеталар парадына күбө боло алат. Бул тууралуу астрономиялык институттун илимий катчысы Игорь Ибрагимов Sputnik агенттигине берген маегинде билдирди.

"Ал түнү Юпитер, Меркурий, Венера, Уран жана Марс бир катарга тизилет. Мындай көрүнүштү 28-марттан бир нече күн мурун жана кийин дагы байкаса болот", — деп айтылат маалыматта.

Эксперттин айтымында, бул көрүнүштү күн баткандан кийин ачык аянттардан же көп кабаттуу үйлөрдүн үстүңкү кабаттарынан эч кандай көйгөйсүз көрүүгө болот. Венера планетасы эң жакшы көрүнөт, ал эми Уран менен Марсты көрүүгө дүрбү же телескоп керек болот.

Эске салсак, акыркы жолу планеталар парады 2012-жылдын июнь айында болгон, ал эми кийинкиси 2040-жылга туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости