www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бандиттерге толгон Жогорку Кеңеш

Көрүп туруп,көрмөксөнгө салуу бир жагынан кылмыш болсо, экинчи жагынан күнөө дейт эмеcпи. Бүгүн Жогорку кеңешти бандиттер башкарып калса, эртеңибиз кандай болот? Жогорку Кеңештин курамында далайларды сызга отургузуп, криминалдык, бандиттик жолдор менен акча жасап, ошол акчаларынын күчү менен  депутат болуп келишкендер, жетишерлик. Бир сөз менен айтканда, сыртынан  «жалтырак» көрүнгөнү менен ичтери «калтырак» эл өкүлдөрү бар.   Мындай жүрүш менен Жогорку Кеңеш  жакынкы жылдары «базаркомдордун» эмес, «криминалдардын парламенти» аталарына деле аз калды окшойт… Ошондуктан КР президенти  тарабынан  шайлоо мыйзамдарын сапаттык жактан жакшыртуу демилгесин ишке ашырууда мыйзамдарга  ушундай  криминалдык дүйнөгө катышы барлардын депутат болуп келүүлөрүнө жол бербеген өзгөртүү, толуктоолор киргизилүүсү  кажет. Президент да шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылуу менен дал ушуну эске алсак керек деген ниеттебиз. Ансыз келерки чакырылыштардагы Жогорку Кеңешке  басып өткөн жолу шойкумдуу,  кудайдан жөө качкан, мыйзамсыз, коррупциялык, бандиттик иштерден башы чыкпаган, акылы жок, бирок акчасы бар, билими жок, бирок билеги барлардын депутат болуп келерин жокко чыгарууга мүмкүн болбой калды. Андай болсо, Кыргызстандын көрөр күнү кандай болот?

Албетте, өзүнүн маңдай тери, адал эмгеги, мыйзамдуу жолдор  менен бизнес жасагандардын депутат болуп келүүлөрүнө каршы эмеспиз. Бирок мыйзамсыз, шектүү жолдор менен байыгандардын, «ОПГ» мүчөсү деп саналгандардын, кылмыш иштери козголуп, сот жообуна тартылгандардын парламентке келүүлөрүнө жол берилбеши керек! Болбосо, учурда расмий түрдө «ОПГ» мүчөсү катары каттоодо тургандар ЖК трибунасынан  акыл үйрөтүп, элдин, өлкөнүн тагдырын чечип жүрүшөт. Кылмышкерлер башкарып калган өлкөнүн келечеги кооптуу, коркунучтуу  болору тарыхтан белгилүү…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости