www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Саламаттык: сактоо министрлигинде мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда бир топ мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы координациялык кеңешмесинде Башкы прокурордун орун басары Абай Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, ооруканаларды медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн 230 млн 794 миң 972 сом эсептелген. Бирок көрсөтүлгөн сумма боюнча тийиштүү мониторинг жүргүзүлбөй, товарлардын баасы негизсиз жогорулатылган.
“Айта кетсек, министрлик тарабынан жаңы курулуп жаткан 3 жана оңдоп-түзөөдөн өткөн 8 ооруканаларды медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн 230 млн 794 миң 972 сом эсептелген. Бирок көрсөтүлгөн сумма боюнча тийиштүү мониторинг жүргүзүлбөй, товарлардын баасы негизсиз жогорулатылган. Натыйжада Саламаттык сактоо министрлиги жогорудагы иш-чараларды каржылоо планына медициналык жабдууларды сатып алууда республикалык бюджеттен 106 млн 298 миң 338 сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө министрликтин эсебинде пайдаланылбай турат. Бул акчалар мамлекеттик бюджетке кайтарылганы жатат.Учурда жүргүзүлүп жаткан текшерүүдө медициналык жабдуулар, жеке коргонуучу заттар, ПЦР тесттердин негизсиз жогорулатылган баага сытылып алынганы аныкталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан жогоруда фактылар боюнча тийиштүү юридикалык баа берилет”, – деди Башкы прокурордун орун басары.
Белгилей кетсек, ушул тапта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы координациялык кеңешмеси өтүүдө. Ага өкмөт мүчөлөрү, күч органдары катышууда.
Булак: NazarNews.kg