www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча КР Башкы Прокуратурасынын корутундусу каралган эле.

Так ушул таптарда КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз кызыкчылыгы үчүн баардык бийлик бутактарын өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы тууралуу бир нече мисалдарды Жогорку Кеңеште айтты.

Ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КР Кылмыш кодексинин коррупция беренеси боюнча кылмыш белгилери бар экендигин айтып ага карата кылмышка шектүү бир нече мисалдарды келтирди.

Эске сала кетсек, 20-июнда “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору 100 добуш менен кабыл алынган.

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости