www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусупжан Жээнбеков акебиз ордо калаага келери менен «эу үкө, кандайсың, кайдасың?» деп телефон чалат. Ошентип бир жерден жолугуп, чай үстүндө кобурашып калабыз. Бу жолу өзүм телефон чалдым. Ош шаарында жургөн экен. Ал жактын тургундары биздин редакцияга кайрылып, шаар мэри тарабынан тынчын алып, «сиздердин жылуу сууну жана уй жылытуу түтуктөрүн кыркабыз» деген эч бир тушүнуксуз жагдайын сурап, андан ары маегибиз бир аз уланып кетти.

-- Жусупжан аке, Ош шаарынын тургундары мага кайрылып, «сиздердин жылуу сууну жана үй жылытуу түтүктөрүн кыркабыз» деп атыптыр. Ушу маселе боюнча эмне билесиз?

- Менин билишимче, бул маселе былтыр күз айларында башталган болсо керек эле, мэриядан келип «жылуулук суу түтүктөрүн кыркабыз» дегенде, элдер тополоң баштап ийгенден улам токтотуп койгон. Эми бул иш кайрадан башталып атат. Ош шаарынын жылуулук берүү борбору, мындайча айткаңда, ТЭЦи Ош шаарына аябаи меймандос мэр дайындалгандан бери борбордук жылуулукка документалдуу кошулган жеке менчик үй ээлерине жана анын ичинде биздин кошуна-колондор, жалпы алганда 500дөн ашыктүтүнгө рекеттик чабуул баштады, «өчүрөбүз», «өчүргүлө» деп.

-- Коммуналдык төлөмдөрдү толук төлөбөй атышабы же башка да себептерден уламбы?

- Мен бул тармакта көп жыл иштеген адам катары айтсам, жеке менчик үйлөр дайыма толук жана өз убагында жылуулук үчүн төлөп турат, эч бир маселе жок экенин бөркүмдөй билем. Ал эми көп кабаттуу үйдө жашаган көпчүлүк жашоочулар, анын кайсы бир аз пайызы төлөбөйт, муну да билем. Өз убагында төлөнгөн коммуналдык төлөм ишкананын өнүгүүсүнө жана жумушчулардын айлык маянасын өз убагында алуусуна көмөк болуп атпайбы. Кеп башка жакта болушу мүмкүн. Жалпак тил менен айтканда, «иттин өлүгү» башка жерде катылуу болсо керек деп боолголоп атам.

-- Түшүнбөдүм?..

- Ош шаарьшын мэри ТаалаЙбек Сарыбашев эч бир мыйзамсыз «жеке секторду өчүргүлө! Андан көрө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө бергиле!» деп буйрук берип аткан имиш. Анткени, Ош щаарынын ТЭЦи ошол жаңы курулуп аткан үйлөрдү жылуу суу жана жылуулук менен камсыздаган кубаттуулугу жетпей аткандыкгаи, жанагинтип жеке секторго чабуул кылып жатса керек. Сурат иним, эгер ушу башаламандыкгы изилдеп, «иттин өлүгү» кайда жатканын, кайда көмүлгөнүн таап, акырына чейин изилдесеңер жакшы болгону турат.

-- Жаңы курулуп аткан көп кабаттуу үйлөргө шаар мэри эмнеге жан тартышы керек?

- Кайсы бир байдын жаңыдан сатыкка куруп жаткан үйлөрүнө Ош мэри Сарыбашев «бийлик колдо, акам президент болуп турганда шаардагы коммуналдык кызматтардын баардыгын силерге коппуруп берем» деп көкүрөк кагып отурат окшойт. Конечно, сулуу көзү үчүн эмес, биринчи кабаты соода борбору болсо, ал жерден «чотур» же болбосо бир «батир» ж.б. сүйлөшүүлөр болгон сыяктуудай божомолдоп атам. Эң кейиштүүсү, Ош шаарынын тургундарын «ак сөөктөр» жана «чортамандар» деп бөлүп, кодулап аткан өңдүү. Ош шаарынын мэри мыйзамсыз түрдо жылуу сууну кыркканы атат, бул жагдайды ким көзөмөл кылат?

Булак: Сурат Жылкичиев, АЗИЯnews

Последние новости