www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден оомат кетти. 20-июнда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып атайын комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында 25-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча КР Башкы Прокуратурасынын корутундусу каралган.

Так ушул таптарда КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз кызыкчылыгы үчүн баардык бийлик бутактарын өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы тууралуу бир нече мисалдарды Жогорку Кеңеште айттып, Атамбаевдин келечегин кагазга ороп туруп айтты. Учурда Башкы прокурор ЖК депутаттарынын суроолоруно жооп берүүдө.

ЖК депутаты  Мирлан Бакировдун, кийинки кадамдар мыйзамдуу укуктук талаада болушу үчүн экс-президентке бүгүн чечим кабыл алып кылмыш иши козгол ким иш алып барат жана Кой-Таштагы учурдагы Атамбаевдин кадамына эскертүү берилдиби? – деген суроосуна, Башкы прокурор,

--Негизи бүгүн экс-президенттин үстүнөн эч кандай кылмыш иши козголгон жок, көрсөтмөлөр гана болуп жатат. Экс-президент прокурор тарабынан гана жоопко тартылат. Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин аракетине эч кандай эскертүү берилген жок,  - деди Жамшитов.

Баса, жакынкы күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндик менен кош айтышат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости