www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлигинин коррупцияланышканы тууралуу уу-дуу кеп эмгиче тарай элек. Бул жерде атка минерлер менен алыпсатарлар биригип алышып ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан, Тажикстандан айыл чарба продукцияларын ЕАЭБге кирген Орусия, Казакстанга салыгы жок өз товарыбыз жок деп сатышып, кыргыздын имиджин кетирген.

Мурун айыл чарба министринин орун басары болуп келген Эркинбек Чодуев министр болор менен ишин айыл чарбада иштеген дыйкандар менен жолугушууда кайрадан кооперативге кирүү маселеси менен баштады. Бекболот Талгарбеков министр кезинде айыл чарбасында кооперациянын негизин түзгөн колхоз-совхоздор таратылган. Дыйкандар өтө майда дыйкан чарбаларына бөлүнүп кеткен. Ошондон бери нече ирет буларды ирилештирүү тууралуу маселе көтөрүлүп келатат. Кооперацияга бириксе айыл чарбасын пландаштыруу да жеңил болмок.

Өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге гана эмес, Европага ташуу мүмкүнчүлүгү дагы чоң. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Евробиримдиктин "ВСП+" же жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксатты биринчилерден алган. Бирок ошол мүмкүнчүлүктү колдонуп жатабы? Ачык айтканда толук кандуу пайдалана албай жатат. Бул боюнча Пакистандан атайын эксперттер келип, бизнесмендер менен тажрыйба бөлүшүп кетишти. Учурда жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу уруксатын мыкты өздөштүрүп кеткен Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн кеңеш алып, ишти алдыга жылдыруу керек эле. Маселен, Бангладеш, Шри-Ланка, Пакистан өлкөлөрү мындай мүмкүнчүлүктү жакшы пайдаланып кетти. Бангладештин продукцияларынын 90 пайызы Европага экспорттолот, бизде болсо 5-6 пайызы гана.

"ВСП+" менен Кыргызстан ийгиликтүү иш алып барып кете албай жатканынын бир топ себептери бар. Эң негизгилеринин бири - сертификациялоо, өлкөдө эл аралык деңгээлдеги лабораториялардын жоктугунан ишкерлер товарларынын сапатын тастыкташ үчүн коңшу өлкөлөрдөн текшертүүгө аргасыз болушат.

Мындан сырткары логистикалык борборлор жетишсиз. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда талапка жооп берген 11 гана логистикалык борбор иштейт. "ВСП+" га жөнөтөлгөн бир топ товарлар бажы төлөмдөрүнөн бошотулган. Товарлардын көпчүлүгү Британия, Белгия, Германия, Литва сыяктуу мамлекеттерге жиберилет. Экспортко негизинен айыл- чарба продукцияларынан: козу карын, төө буурчак, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, жаңгак, пахта жөнөтүлөт. Эт-сүт экспорттолот. Жаңы айыл чарба министринин бул жакка да көңүл бурушуна тилектешпиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости