www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка айылы Тажикстан менен чектешет. Өрөөндө дың жерлер көп болгону менен суу таңкыс. Тажикстандын Кайракум суу сактагычынан кубаттуу насостук станциялардын жардамы менен дыйканчылык кылышкан өрөөндүн калкы негизинен багбанчылык менен алектенет.

Бирок, ошого карабастан суу тартыш, жер жок деп олтурбастан 80 гектар жерге суу жеткирип, жүздөгөн мөмөлүү дарактарды өстүрүп, күргүчтөп киреше тапкан жаш багбан Чыңгыз Айбалаевдин эмгеги чын эле көптөргө үлгү.

Жеке ишкердин айткандарына караганда, бул жерде союз мезгилинде 5 бригада иштеп турган. Ал эми эгемендүүлүк алганыбыздан бери аталган жер өздөштүрүлбөй калып, арыктары бузулуп, суу келүүчү ноолору дагы таланып-тонолуп жок болуп кеткен. үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнаган Чыңгыз Айбалаевдин атасы Карим Айбалаевдин демилгеси менен бул жерлер кайра гүлдөгөн өрөөнгө айланда.Айыл өкмөттөн 80 гектар жерди 49 жылга ижара алып, өздөштүргөн бул үй-бүлө адегенде 60 гектарын өздөштүрүп, 2015-жылы ага 10 миңден ашык өрүк, алма, гилас, кара өрүк, курма, шабдалы, анар жүзүм ж.б. мөмөлүү дарактарды өстүрүшөт. Ал үчүн  6 чакырымдан суу ноолорун жаңылап, көп каражат жумшоого туура келген. Ошондон улам ата бала шаардагы эки үйүн сатышып, колундагы бар каражатын ушул жерге жумшашат. Россияга эмгек мигранты болуп кеткен үй-бүлө мүчөлөрүн баарын чакырып, багбанчылыкка баш оту менен киришет.  “Иштесең тиштейсиң”, “кыймылдаган кыр ашат” дегендей тыным албай бул жерди өздөштүрдүк. Азыр эми эмгегибиздин үзүрүн көрүп келечектен көптү үмүттөндүргөн бул жерден бүгүнкү күндө түшүм алып, сезон мезгилинде быйыл 40 сотых жерден эле өрүктү 50-60 сомдон, шабдалыны 60-70 сомдон сатып, 100 миңдеген киреше алдык,-деди ал.

Ага кошумча, “Бул жерди өздөштүрүү оңойго турган жок. Суу көйгөйү бар. Эгерде суу кеңири болсо, дагы калган 20 гектарын өздөштүрүп, чек арадагы аймакты бакка айлантып, чек ара сызыгын бак-дарак аркылуу эле бекемдеп алса болот”,-дейт.

-Албетте идеанын баары алысты көрө билген дыйкан Карим Айбалаевден чыккан. Айылбанктан 1 млн. 700 миң сомго Беларусь МТЗ-92 тракторун 7 жылга насыяга алышат. Ал тракторго дагы кошумча техникаларды толуктоо үчүн быйыл РСК банктан 240 миң сомдук насыя алышып, ишти андан ары улантышат.

Чыңгыз Айбалаев кыргыз калкы жалкоо келишет. “Келгиле жумуш бар” десең келбейт. Аргасыз тажиктерди жалдап иштетүүгө туура келет. Сезон мезгилинде коңушу тажиктерге күн сайын акча берип, жалдап иштетүүгө тура келет, - дейт.

Адылбек Акматов, Баткен облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости