www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Урматбек Акунов, Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурдагы кадамдарын туура эмес деп айтып, тез арада укук коргоо органдары мыйзам чегинде чара көрүшү зарыл дейт NazarNews маалымат агенттигине. 

--Учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташка таш топтоп, калың пахталуу төшөк жыйнап олтурганы туура эмес. Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын ойлошу керек эле. Кыргызда: -"Катын алсаң татардан, чыгасың эл катардан"-деген Кыргыз эл макалы бар. Анын сыңарындай Раиса Атамбаева Алмаз Шаршеновичти элдин катарынан чыгарды. Былтыр Раиса жеңебиз Татарстанга барып: "мен дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабайын жүрөгүм Татарстан деп согот"-деп сүйлөгөн жайы бар эле. Эми биротоло Татарстанга алып кетет окшойт. "Атамбаев, акылсыз вазирлеринин айынан катардан чыкканы калды."  - деди Урмат Акунов.

"Азыр жалпыбызга болгондой Жогорку Кеңеште экс-президенттин тагдыры каралып жатат. Бүгүн мына коомчулук өзү күбө болду. Атамбаев, Шаршенбек Абдукеримов каржылаган гареминде ак шейшеп, муздаткычтын астында уктап эс алып маал-маалы менен 2 гектар короосуна чыгып, өзүнө тиешелүү ММКлар менен түз эфирине чыгып, элдин кыжырына тийип жатат. Буга чейин дагы Атамбаев элди бөлүп келсе, бүгүн дагы Атамбаевге аябай жагалданган, жан-дилин бергендер короонун ичинде элиталык боз үйдө буканын этин жеп олтурушат, деди Урмат Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости